SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Кытайда Нонг аттуу бала караңгыда да көрө алат" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Otchayannaya).
Кытайдын түштүгүндөгү айылда көздөрү ачык көк түстөгү Нонга Юхуи аттуу бала жашайт. Анын көзүнүн түсүнөн сырткары дагы бир өзгөчөлүгү бар: ал бала түнкүсүн күндүзгүдөй эле жакшы көрөт.
Дарыгерлерди Нонга Юхуи мышыктыкындай көрүүсү менен таң калтырган. Медициналык изилдөөлөр түнкүсүн бала оорчулугу жок эле окуй аларын көрсөткөн. Нонг кичинекей кезинде дарыгерлер анын ата-энесине көзүнүн өңү бардык кытайлыктардыкындай эле же кара, же күрөң болуп өзгөрөт дешкени менен, андай болгон эмес. Нонгдун ата-энеси ал күнгө чыгууну жактыра бербей турганын, өзүн түнкүсүн жакшы сезерин байкашкан. Ал түнкүсүн жакшы көрөрүн Нонг сүйлөгөндү үйрөнгөндө гана билишкен.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.