"Бийликтеги айрым топтор жеке кызыкчылыгы үчүн Конституцияны өзгөрткөнү жатышат" дейт саясат таануучу

"Бийликтеги айрым топтор жеке кызыкчылыгы үчүн Конституцияны өзгөрткөнү жатышат". Мындай пикирин бүгүн, 25-августта "Биримдик жана туруктуулук үчүн" аталышындагы форумда саясат таануучу Тамерлан Ибраимов билдирди. "Конституцияда түзөтүүлөрдү издегенди жакшы көргөн юристтер Жогорку Кеңештин Конституцияны өзгөртүүгө укугу бар дешүүдө. Парламент өзгөртө албайт. Ал эми жарандар тарабынан өзгөртүү боюнча талаптар коюлган эмес. Конституцияны өзгөртүү демилгеси Жогорку Кеңештин ичинде жаралган. Жогорку Кеңештеги айрым саясий күчтөр оюн эрежелерин өз пайдасына өзгөрткүсү келип жатышат", - деди Ибраимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан