Орусиянын Москва шаарынын түндүк-чыгышында жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн каза болгон 17 адамдын баары Кыргыз Республикасынын жарандары экенин орусиялык айрым маалымат каражаттары жазышууда. Аман калган кыргыз кыз маалымат берип, каза болуп калгандар чыгып кетүүгө жетишпей калышканын айтып берген. Ошондой эле алар 17-18 жаштагы кыздар болушкан. Басмакана ичинде кагаздар көп болгондуктан, өрт бат эле тутанып кеткен.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалыматты тактоо үчүн Москва шаарындагы элчиликке тапшырма берди.
Алтуфьев шоссесинде жайгашкан бул басмакана "Печатный экспресс" ишканасына таандык болгон.