MegaCom – II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы демөөрчүсү

Эртең, 3-сентябрда дүйнө коомчулугунун көңүл борборун ээлеген, көптөн күткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болот. MegaCom компаниясы - 2016-жылдын маданий-спорттук иш-чарасын өткөрүүнүн башкы демөөрчүсү. Бул иш-чара алгач 2014-жылы өткөрүлүп, этно-спорт боюнча биринчи жолку жана эң масштабдуу эл аралык турнир катары эсибизде калып, тарых барактарында кызыл сызык менен өтүп тургандыгы баарыбызга маалым.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай MegaCom тарабынан улуттук колоритти чагылдырган, брендделген атайын SIM-карталар чыгарылды. Алар көчмөндөр маданиятын, этно-өзгөчөлүктөрдү баалагандар үчүн сонун белек болмокчу. Чектелүү санда чыгарылган эксклюзивдик SIM-карталардын ээси болуңуз. Мындай SIM-карта менен бирге сизге Nomad атайын опциясы камсыз кыла турган түйүн ичиндеги жана белгилүү эл аралык багыттагы ыңгайлуу чалуулар берилет.

Мындан тышкары өлкөнүн алдынкы мобилдик оператору этно-спорттун эң кызыктуу түрү болгон көк бөрү боюнча мелдештердеги "Эң мыкты чабуулчу" номинациясынын жеңүүчүсүнө 100 000 сом өлчөмүндөгү атайын акчалай байге ыйгармакчы.

Эсиңиздерге сала кетсек, MegaCom иш-чараны уюштуруучу топтун мобилдик байланыш расмий провайдери катары боло турган оюндардын алкагындагы өткөрүлүүчү иш-чаралар учурунда ишенимдүү байланышты камсыз кылат. MegaCom компаниясынын техникалык адистери тарабынан тармактын сыйымдуулугун кеңейтүү жана жаңы базалык станцияларды куруу боюнча ар тараптуу иштер аткарылды. Мындай аракеттердин натыйжасында катышуучулар, күйөрмандар жана жалпы көрүүчүлөр ар дайым байланышта боло алышат жана спорттук мелдештер маалында мобилдик түйүнгө кошулуу, кеп-кеңеш алуу үчүн ат майдандын аймагында жайгашкан MegaCom сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна жана промоутерлердин мобилдик топторуна кайрыла алышат.

MegaCom – күч биримдиги, рух биримдиги!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
talant87
2016-09-02 18:27:44
узакты жакын кылган телефон сим картасы МЕГАКОМ
+4
ramik_87
2016-09-02 19:43:29
соонун го
+2
din_tomas
2016-09-03 10:14:19
Биз жакка мегаком 3G тарттырып берсе жакшы болот эле, эч бир уюлдук операторлордон 3G тартпайт, коншу айылдарда 3 оператордон (билайн,О, мегаком) тен 3G тартат. Биздин айыл маалымат технологиясынан артта эле калыптыр, же интернет колдоно албайбыз ( слабый) же санарип тартпайт. Супер ушуну жеткирип коюшунуздарды суранам, ( Токтогул району, Кызыл-Ураан айылы)
+1
aidaraidai11
2016-09-03 19:25:17
Кочмондор оюнун ачылышы болдубу? Боло элек болсо канчада болот айтып койосуздарбы админ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан