2016-жылдын 1-сентябрь күнү арыз менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын 27 жаштагы тургуну К.А. кайрылган. Арызында август айында саат 14:00 чамасында анын үйүнөн А. аттуу кыз жалпысынан 80 миң сомду түзгөн үй оокаттарын уурдап кеткенин жазган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-сентябрда кабарлады.
"Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам иш-аракеттин негизинде Ысык-Көл облусунун 19 жаштагы Б.А. аттуу тургуну кармалды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы маалым болду.