И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине караштуу жатаканадан жашоочуларды мыйзамсыз чыгарып жатышат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
“Жатакана 7-кичи райондо жайгашкан. Жайында ар бир бөлүм оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн. Эми дагы оңдойбуз деген шылтоо менен бизди жатаканадан мыйзамсыз чыгарып жатышат. Учурда жарыкты, сууну өчүрүп салышкан. Көпчүлүгүбүз балдарыбызды ушул районго караштуу бала бакчаларга берип койгонбуз. Оңдоо иштерин эмнеге жайында жүргүзгөн жок?” - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.