Британиялык жаш кызды "Гиннесстин рекорддор китебине" дүйнөдөгү эң узун сакалдуу кыз катары киргизишкенин BBC телерадиокомпаниясы жарыялады.
24 жаштагы Харнаам Каур адамдын денесине түктү өтө көп өстүрүүчү сейрек кездешкен оору менен ооруйт. Кыздын сакалы 15 сантиметрден узун. Каур денеге позитивдүү мамиле кылууга чакырып келет, айтымы боюнча, сакалы - анын келбетине болгон көп жылдык шылдыңдоолор менен күрөшүү аракети.
Үстүбүздөгү жылдын март айында Каур Лондондогу Мода жумалыгында подиумга чыккан биринчи сакалдуу кыз болгон.