Сүрөтчү Бен Рубин Нью-Йорктогу метродо тартылган сүрөттөргө түрү суук жандыктарды кошуп тартып, кадимки көз ирмемдерди күлкүлүү жана тамашалууларга айлантат.
Анын долбоору "Subway Doodles" деп аталып, идеясы күтүүсүздөн эле пайда болгон. Рубин метродо бир жакка бара жатып планшетине түрү суук жандыкты тарткан. Сүрөт тамашалуу болгондуктан, кайталап дагы тартып көргөн. Ошондон бери бир нече жыл бою ушундай эле сүрөттөрдү тартууну улантып жатканын "My Modern Met" басылмасы жазган.
Анын сүрөтүндөгү түрү суук жандыктар жүргүнчүлөр менен кучакташып укташат, алардын кофесин уурдашат, бир көзү менен китептерди окушат, телефондорго да айланып кетишет, адамдардын моюнуна отуруп алышат жана дагы башка бейбаштык кылыктарды кылышат.