Дүйнөгө белгилүү жылдыздар Брэд Питт менен Анжелина Жолинин ажырашып кеткендиги тууралуу чет элдик басылмаларда алардын сүйүүсү башталгандан бери жазылып келген. Ал эми жакында эле түгөйлөрдүн ажырашып жаткандыгы тууралуу расмий маалымат берилгенде көпчүлүгү таң калуусун жашырышкан эмес.
Кечээ, 20-сентябрда Жолинин адвокаты Роберт Оффер: "19-сентябрь күнү актриса никени жокко чыгаруу тууралуу арызын берди. Мындай чечим "үй-бүлөнүн саламаттыгы" үчүн деп кабыл алынган. Ал болуп жаткан окуялар тууралуу маалымат бербейт жана кыйын учурда башка бирөөнүн жеке жашоосун сыйлоону суранат", - деп билдирген.
Маалыматтарда актриса алты баласына камкордук кылуу жана Брэд Питтке каалаган убактысында келип, балдарын көрүп кетүү укугун берүүнү суранганы айтылат. Ошондой эле Анжелина жолдошунун колдоосун суранган эмес.
Ал эми бул окуя тууралуу Брэд "People" басылмасына учурда башка жакта жашаган балдарынын тарбиясына көңүл бурууну пландап жатканын айткан. "Болуп жаткан окуялар мени кайгыга салды, бирок бул нерсе мааниге ээ эмес. Эң маанилүүсү - бул биздин балдардын амандыгы, жыргалчылыгы. Мен журналисттерден азыркы кыйын кырдаалда тынч коюусун, ашыкча көңүл буруулардан алыс кылууну суранат элем", - деп билдирген актёр өзүнүн кайрылуусунда.
Белгилей кетсек, түгөйлөр 9 жыл жарандык никеде жашаган соң 2014-жылы расмий түрдө үйлөнүшкөн. Алар 6 баланы тарбиялап келишет.