"Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды" деп 26-сентябрда "Ачык саясат плюс" басылмасы жазып чыкты.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 1-июнунда Кашкар Жунушалиевдин ИИМдин башчысы кызматына талапкерлигин жактырган. 2-июнда мамлекет башчы кол койгон жарлыкка ылайык, Жунушалиев ички иштер министри болуп дайындалган.