ЖЫЛНААМА, 27-СЕНТЯБРЬ: Голландиялык футболчу жана машыктыруучу Дик Адвокат 69 жашка толду

Голландиялык футболчу, машыктыруучу Дик Адвокат 69 жашка толду. Ал 1947-жылы 27-сентябрда Голландиянын Гаага шаарында туулган.

Ал футболчу катары профессионалдык карьерасын 1966-жылы голландиялык “Ден Хааг” клубунда баштап, кийин “Рода”, “ВВВ-Венло” клубдарында ойногон. Ошондой эле АКШнын “Чикаго Стинг”, голландиялык “Спарта”, “Утрехт”, бельгиялык “Берхем Спорт” клубдарынын формасын кийген.

Дик Адвокат Голландия, Бириккен Араб Эмираттарынын, Түштүк Корея, Бельгия, Орусия, Сербия өлкөлөрүнүн курама командаларынын жана орусиялык "Зенит", шотландиялык "Рейнджерс" клубдарынын машыктыруучусу болгон. Акыркы жолу машыктыруучу катары англиялык "Сандерленд" клубунда иш алып барып, кийин кызмат ордунан бошотулган.
27-сентябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
MAN-CITY
2016-09-27 14:52:47
Жакшы тренер Адвокат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан