Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында "жеке ишкерди ур-токмокко алды" делген УКМКнын аталган аймак боюнча башчысы Замир Жолболдуев өзүн өзү коргоого аракеттенген. Мындай версияны SUPER.KG порталына Жолболдуевге таянып анын туугандары SUPER.KG порталына айтып беришти.
"Окуя болгон түнү жеке ишкер менен жол талашып кеткенбиз. Кийин мен бир шапалак салдым. Унаасында аялы бар экен, түшө калды. Анан аял кишиден айбыга түшүп, унаама кирип отурдум. Андан соң башымдын артына тапанча такап "өлтүрөм" деди. "Эмне кыласың, атасыңбы?" десем, "атамын" деди. "Атсаң башка эмес, жүрөккө ат" дедим. Жүрөгүмдүн тушуна тапанчаны мээлегенде, куралын түшүрүүгө аракеттендим. Экөөбүз мушташа кеттик. Андан кийин 2 унаа келип, 7-8 бала түшүп, мени уруп салышты. "Менден эмне каалайсыңар, силер айткандай болот" дедим. Ишкердин аялы инисин жардамга чакырып, доктурга, туугандарына жеткирген", - деп Жолболдуевдин айтканын анын туугандары билдиришти. Алардын ою боюнча, бул окуя Жолболдуевдин орду үчүн атайын уюштурулган иш болушу мүмкүн.
Эскерте кетсек, окуя 24-сентябрдан 25-сентябрга караган түнү Ноокат районунун аймагынан Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылына кире бериш жерде болгон. Жабырлануучу Зарылбек Маткалыков: “Окуя болордон 2-3 күн мурун иш бөлмөмө белгисиз адамдар келишип, Замир аттуу киши менен телефон аркылуу сүйлөштүрүшкөн. Анда ал “ишкер экенсиң, биздин алдыбыздан өтүп койбойсуңбу” деген. Мен анын сунушуна макул болгон эмесмин. Окуя болгон күнү келинчегимди тойго алып барып, кайра келе жатканбыз. Караван айылына 500 метр жетпей артыбыздан белгисиз унаа кысып, күйүүчү май куюучу жерден токтоого аргасыз болдук. Ал жерде эч ким жок экен. Анан унаадан белгисиз 3 адам түшүп, мени ур-токмокко алышты”, - деп билдирген.
Андан соң З.Маткалыков келинчеги менен бирге ооруканага барган. Артынан Замир Жолболдуев кечирим суроо үчүн келген. Анын мас абалда экенин текшерүү учурунда качып кетүүгө аракет кылган, аны милиция кызматкерлери кармап калышкан.
“Ошол жерден аны убактылуу кармоочу жайга алып кетишкен, бирок анын бир аздан кийин эле эркиндикке чыгарылганын уктум. Учурда ооруканадамын, мага ар кимди жөнөтүп, кысым көрсөтүүдө. Укук коргоо органдарынан адилеттүү териштирүүнү талап кылат элем. Ошондой эле унаанын ичинде 156 миң сом бар болчу. Аны да уурдап кетишиптир”, - дейт Маткалыков.
Бул окуя боюнча УКМКнын басма сөз кызматы “Кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Мындан улам Замир Жолболдуев убактылуу кызматынан алынды” деп билдирүү тараткан.
Ал эми Ички иштер министрлиги “Эки тарап тең милицияга арыз жазды. Учурда топтолгон материалдар Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Териштирүү иштери жүрүп жатат” деп билдирген.