Кара-Суу районунда 14 жаштагы өспүрүм унаа уурдоого шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 31 жаштагы М.А. аттуу жаран кайрылып, 27-сентябрдан 28-сентябрга караган түнү белгисиз адам Дэу Тико үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 14 жаштагы М.Ж. кармалган. Учурда топтолгон материалдар тергөө бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилди.