Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүндө койду УАЗ автоунаасынын артына жабыштырып байлап баратат. Бул тууралуу 30-сентябрда окурман SUPER.KG`ге WhatsApp аркылуу билдирди. "Алайкуулуктардан амал качып кутулбайт деген ушул", - дейт окурман. Автоунаанын ичине батпай калып, сыртына байлап кетүүгө аргасыз болуптур.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.