Депутаттарга жаңы 120 кресло сатылып алынганы коомго эми белгилүү болгонуна Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы таң калууда

Жогорку Кеңештин депутаттарына 120 жаңы кресло сатылып алынганы коомчулукка эми белгилүү болгонуна парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу таң калды. "Демөөрчүлөр креслолорду быйыл жайында сатып беришкен. Мамлекеттик бюджеттен акча каражаты жумшалган эмес. Ал эми эски креслолор учурда кампада сакталып турушу мүмкүн", - деди ал. Бирок демөөрчү ким экенин жана канча көлөмдөгү каражатка 120 кресло сатылып алынганын айта алган жок.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 8-октябрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарына 2 миллион 682 миң сом сарптап жаңы 120 кресло сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Сатылып алынуучу 120 кресло интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкууну жаратып, нааразычылыктардан кийин парламент бул тендерди жокко чыгарган эле. Депутаттарга баары бир жаңы кресло сатылып алынарын 4-ноябрдагы парламент жыйынында спикерликке талапкер Асылбек Жээнбеков билдирген. Айтылгандай эле баары бир сатылып алынды.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 4 миллиард 75 миллион долларга жетти. Карыздын өсүшүнө чиновниктердин ушул сыяктуу муктаждыктарына жумшалган акчалар, сырттан алынган гранттар жана насыялар да себепчи болууда. Ошол эле учурда өлкөдө донорлордун каржылык колдоосуна муктаж жарыксыз же таза суусуз айылдар көп.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
fanatka19
2016-10-07 14:28:56
Кандай эле демөөрчү чыга калат,эч кандай демөөрчүсү жок сатылып алынган,элди ызы чуу болбосун деген алдоо бул.
+16
nurikkg1
2016-10-07 14:29:29
Канчалаган соц тармактарда оорулуу Кыргыз жарандары жарандары даары дармеке зар болуп жардам сурап журушоттор Супер инфодо (Жалгыз бой Эне каражат болсо уулума доннор болмокмун)дейт бир аз кичине болсо да элдин турмуш койгойун караса болот уят андан коро табуреткада олтургула
+11
krem
2016-10-07 14:58:13
мискен байлар кантип отурасынар уялбайсынарда а
+10
admin_portal
2016-10-07 15:09:05
tynkatar03, провокациялык билдирүүлөргө жол жок! 10 күн БАНга!
-11
Melis2014
2016-10-07 15:19:01
Атамбайдын 120 койуна жакшы бир чабан же касапчы керек
+13
kapriznaialadyy
2016-10-07 15:25:14
Melis2014,чабанды эптеп көз жазгырат булар,жакшысы касап керек миздүү бычагы менен. Ошол касап сен болсоң кантет)))
+8
Rifle_S
2016-10-07 16:09:00
Качапчы керек же чайкоочу керек. Өзбекстанга же Казакстанга сатып жибериш керек. Касапчыны алдайт бул койлор, сойбой тур этим жок арыкмын деп.
+3
alibekova94
2016-10-07 15:24:50
Уят эле карызыбыз ошончо болуп кетиптир да а, аны ким толойт ? Кантип толойт? Ушуну ойлогон бир тируу жан барбы ак уйдо? Эй адам бир сом карыз болсон ой жеп коет качан берем деп... булар кантип журушот ?
+6
Arslan12
2016-10-07 15:32:28
Демоорчу жон бербей калды го, эки эсе чыгарып алган болуш керек алдын ала, демоорчу кочмондор оюну болду ж.б. ларга болбойбу!
+1
Rifle_S
2016-10-07 16:10:29
Көчмөндөр оюуну демөөрчүлөрдүн акчасына өтөт деп жатат эле, ошол демөөрчү бюджет эмеспи ? Карызыбыз бөйрөктөрдү сатсак да кутула албайт экенбиз.
+2
Arslan12
2016-10-08 06:45:07
Rifle_S,Бюджет демоорчу керексиз несеге, мен кудай буйруса жакшы эле отурам кресломдо 6 жылдан бери Москвада тийишкен эч ким жок так иштесен тийбейт экен деп калдым сынган деле жок, иними алып келдим ал деле сындырган жок, билбейм биздин депутаттарда курту эле курттап кетпесе?!!!!
0
gitaris93
2016-10-07 15:42:32
Эмне дешти да билбей калдым жепжутарларга
+2
bishkek90
2016-10-07 16:21:43
Буларга ушул эле калган эми машине алгыла жеке менчик тендер откоргулода
+1
koozu
2016-10-07 18:51:58
Пайдасыз депутаттар бизде ото эле коп,бир жылда бир оозун ачпагандарда бар былчыйышып эле олтурушат. 120 эмес жарымы деле жетет.
+1
Kroxa
2016-10-07 19:27:29
Жардамчыбыз жок,унаабыз жок ноутбуктар чириген деп кечее бироо суйлоп жатты эле эми кресло алышкан тура,,спонсорунар ким деги алып берген...
+1
Uson13
2016-10-07 19:37:41
120 эшек алып барып коюш керек буларга
+2
sessa
2016-10-07 22:13:07
Хаааха кышка жамбаштарын жылуулап, жумшактап атышса да коро албайсынар..эскисин кампага сурсуткуло
0
BarsBaatyr
2016-10-08 07:14:43
Эскилери сатылып бироосунун чонтогуно кирди да
0
lenovo820
2016-10-08 16:31:11
Jany kreslogo oturganga jarawa iwtewse eken emi
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан