Ырчы Турдакун Ниязалиев кырк жылкылуу болду. Ырчы бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда SUPER.KG`ге кабарлады.
"Бүгүн саат 14:30да кыздуу болдум. Учурда наристемдин да, келинчегимдин да абалы жакшы. Ысым коё элекпиз. Андыктан күйөрмандарым сунушташса болот, жакындарым менен кеңешип, бир ысымды тандайбыз", - деп билдирди Т.Ниязалиев.
Белгилей кетсек, буга чейин түгөйлөр бир уул, бир кызды тарбиялап келишкен.