Өткөн аптада "Кумтөр" алтын ишканасында Катерпиллер үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу техникага 40 оператор тандалды. Кызматка көл кылаасындагы Балыкчы шаарынын, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун жашоочуларын тартуу каралган.
Алгачкы этап - анкета толтуруу жазында эле өткөн. Элге таратылган анкеталар аркылуу жалпысынан 1200 адам сынакка катышуу арызын калтырган. Адистерден түзүлгөн комиссия жергиликтүү коомчулук өкүлдөрүнөн турган байкоочу топтун катышуусунда аларды карап чыгып, талап боюнча айдоочулук тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес, 25-45 жаш аралыгындагы 200 талапкер кийинки турга өткөн. Маектешүү жана иш жүзүндө унааны башкаруу тапшырмасын аткаруу ишкананын Балыкчыдагы өткөөл базасында жүрдү. Маектешүүгө кирип чыккан талапкер Ишенбек Байдөөлөтов: "Техникага байланышкан суроолор басымдуу болду. 20 жылдык тажрыйбам болгондуктан кыйналган деле жокмун. Буга чейин чоң жүк ташуучу унааларды айдап жүрдүм. Эки жылдан бери "Кумтөрдөгү" ортомчу ишканалардын биринде Хово унаасын айдайм. Анан кен ишканасынын өзүнө операторлорду жумушка чакырып жатканынан сынакка катышуудамын. Баары ачык-айкын өтүүдө. Мурда иштеп жүргөндөр акча берип орношсо керек деп ойлочу элем. Тескерисинче, компания өкүлдөрү башында эле акча сурагандар болсо бизге айткыла дешти. Көрсө, бир тыйын да албайт экен", - деп билдирди.
Иш жүзүндө аткаруучу тапшырма жөнөкөй. Жасалма гараждагы унааны экинчи гаражга түз айдап баруу, андан соң кайра арты менен үчүнчүсүнө жетүү. Көнүгүүнү эки ирет кайталоо зарыл. Мына ушул аралыкта айдоочунун унааны от алдыруусунан тартып ордунан жылдыруусуна, бирден экиге которуусуна жана күзгүлөр менен кандай иштей аларына көңүл бурулду. Профессионал айдоочу үчүн баары жөнөкөй, бирок айдоочунун тажрыйбасы канчалык экени ушундан эле билинип каларын айткан "Кумтөр" компаниясынын өндүрүштүк окутуулар боюнча инструктору Жириль Тарас кезектеги катышуучуга байкоо салып жатып: "Мына, жакшы. Ордунан жылганы бир калыпта, биринчиден экинчиге которуусу да ойдогудай. Жакшы баратат", - деди.
Бир саамдан соң айдоочу унааны гаражга арты менен кирип токтотууда ката кетиргенин байкаган адис: "Жакшы келатып, акыркы учурда гараждын арткы дубалын бузуп кетти. Бул күзгү менен иштөөдө кемчилик бар экенин тастыктайт. Муну өтө чоң катачылык деп азыр айта албайм, бирок бул жалпы баллга таасир этмекчи. Бүгүнкү сынакка Тоң районунан келген топтогулардын тажрыйбасы төмөнүрөөк экени байкалууда. Кечээ балыкчылыктардын көпчүлүгү экзамендеги эң жогорку "4" деген бааларга татышкан. Кантсе да Балыкчы тогуз жолдун тоомундагы транспорттук шаар эмеспи. Айдоочулук алардын канына сиңип калгандай", - дейт.
Акча бергендер алданышат!
Бош жумуш орундарын толтурууга сынак жарыялангандан тартып компания коомчулуктан Байкоочу кеңеш түзүүнү демилгелеген. Бул ишке башынан бери көз салып келаткан коомдук байкоочулардын бири Фархат Карымшаков: "Биринчи этапта биздин Тоң району боюнча 700гө чукул анкета тапшырылыптыр. Анын ичинен 69у гана экинчи этапка өттү, себеби айдоочу керек деп жарыя берилсе, илгери үмүт менен электриктер деле, жардыруучулар деле анкета жөнөтүшүптүр. Бир үй-бүлөдөн бирден гана киши иштесин деген жергиликтүү элдин талабын компания аткарып келатыптыр. Бул туура саясат деп ойлойм, анткени "Кумтөрдө" иштегендер жакшы акы алышат", - дейт.
"Кумтөргө" жумушка орноштуруу үчүн акча сурагандар алдамчылар экенин баса белгилеген компаниянын Тобокелдерди башкаруу, нормативдик негизди сактоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча вице-президенти Родни Ступарик буларга токтолду:
"Коррупцияга жол бербөө максатында байкоочу катары катышуудамын. Эгер кимдир бирөөнөн акча талап кылышса, бизге дароо билдирүүсүн сынактын катышуучуларына айтуудабыз. Андайга жол жок. Бизге тажрыйбалуу, мыкты адистер гана керек. Ден соолуктары да мыкты болушу шарт. Ал эми социалдык абалы экинчи, үчүнчү орунда гана эске алынат. Кайсы учурда? Мисалы, бош бир орунга сынакты ийгиликтүү тапшырган, тажрыйбасы жана алган баллдары бирдей болгон эки адистин бирин тандоо зарыл болсо, анда кимисинин үй-бүлөсү чоң, ошого артыкчылык берилет. Тандоонун жыйынтыгы менен медициналык комиссиядан өткөндөр 1 ай коопсуздук эрежелери боюнча жана медициналык биринчи жардам көрсөтүүгө 1 ай окутууларга катышат. Андан кийин гана жумушка киришишмекчи".
Учурда оор жүк техникаларын башкаруучу 40 оператор тандалып алынса, кийинки жылы ушул эле кызматка дагы 80 жумушчу алуу пландалып жатканын компания өкүлү билдирди. Вакансиялар компаниянын сайтында жана кеңселери менен маалымат борборлоруна жарыяланат, андыктан кызыккандар карап турушса болот.