"Кумтөрчүлөр" арасында гольф боюнча жыл сайын уюштурулуучу 14-кайрымдуулук мелдеши өттү

8-октябрда "Кумтөр Голд Компанинин" кызматкерлери жана компаниянын өнөктөштөрү "Кленовый лист" клубунда гольф боюнча 14-ар жылдык кайрымдуулук мелдешине катышышты.

Биринчиликке компаниянын кызматкерлеринен жана өнөктөштөрүнөн 13 команда ат салышты. Үчүнчү орунду кадрлар боюнча вице-президент Деон Баденхорстун командасы, экинчи орунду гольф-клубдун машыктыруучусу Нурмат Иманалиев капитаны болгон команда ээледи. 2016-жылдагы гольф турниринин жеңүүчүсү гольф-клубдун машыктыруучусу Чыңгыз Мусулумов болду. Андан сырткары мыкты жеке соккулар номинацияларында 6 оюнчу атайын белектер менен сыйланды.

Мелдештин бардык катышуучуларына "Кумтөрдүн" эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөрүнөн байгелер берилди. Күн ичинде 200 утулушсуз лотерея билеттери сатылып, иш-чаранын акырында аукциондо 5 лот ойнотулду. Жыйынтыгында чогулган 3115 өлчөмүндөгү АКШ доллары кичинекей Александр Риппке операция жасоо үчүн каражат чогултуу менен алек болгон "Help the children SKD" фондуна берилди. 15 айлык наристе рактын өтө сейрек түрүнө чалдыкканы аныкталганга чейин эки жолу туура эмес диагноз коюлган.

"Кумтөр Голд Компани" турнирге катышкан бардык кызматкерлерге, атап айтканда, Саймон Тэнге, ошондой эле кайрымдуулук акциясын колдогон өнөктөштөр "Chicken Star" кафеси, "L’occitane" дүкөнү, Балдар илимий комплекси, "EsCake" үй наабайканасы, "Трэвэл Вижн" туристтик агенттиги, "Opio fashion" дизайнерлери, "Айко Сейко" тигүү ишканасы, "Аль-Салам" басма үйү, "Евро" жана "Кирленд" басмаканалары, "Office Point" кеңсе буюмдар дүкөнү, "К2" жана "Enjoy" спорт клубдары, "Ашуу" жана "Аврора плюс" конок үйлөрү, "Арбуз" жарнама агенттиги, фотограф Сэм Бараталиев, "Штайнброй" сыра өндүрүүчү, "Бишкек кровля" компаниясы, "О!" уюлдук оператору, "Кью" кофейнясы, "Ololo" ко-воркинг жана арт-студиясы, "Россия" кинотеатры, "Боорсок" гипермаркеттер тармагы, ошондой эле "Борусан Макина", "Сэндвик Майнинг", "Туркуаз Машинери" эл аралык өнөктөштөргө жана "Кленовый лист"
гольф-клубуна терең ыраазычылык билдирет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан