Белгилүү ырчы Нурлан Тилебаев көз жумду

Белгилүү ырчы Нурлан Тилебаев 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү 49 жашында узакка созулган боор оорусунан улам көз жумду. Маалыматты бүгүн анын санаалаштары тастыкташты. Маркумдун сөөгү бүгүн Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Самаркандек айылына коюларын маркумдун кесиптеши Токтобүбү Матисакова SUPER.KG порталына билдирди.

Белгилей кетсек, Нурлан Тилебаевдин көптөн бери боору ооруп келген. Быйыл жайында анын операциясына акчалай жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте акция өткөн. Ырчынын "Эңсөө бийлеп...", "Унутам деп...", "Оо, жаным" жана башка ырлары элге жакшы белгилүү.

Ырчы 2014-жылы "Супер-Инфо" гезитине маек куруп, өмүр жолу, чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу айтып берген эле.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Нурлан Тилебаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Таалай Бектургановдун устаты, ырчы Нурлан Тилебаев көз жумду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Nur0701
2016-10-17 10:17:32
Жаткан жери жайлуу болсун!
+5
rejepova
2016-10-17 10:31:01
аттин, эмнеге ушул ырчыга эч кандай наам берип коюшпайт, кайдагы кечээ пайда боло калгандарга кармата салышат ((
+9
gitaris93
2016-10-18 01:44:05
rejepova,туура айтасың тирүүндө сыйлабайт өлгөндөн кийин берсе берет бербесе жок азыркы ырчылардан миң эсе өйдө кыргыз сахнасына гитараны тараткан улуу инсан катары эсимде калаберет. Жаткан жери жайлуу топурагы торкр болсун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.
0
ilgis1991
2016-10-17 10:48:47
Жаткан жери кайрымдуу болсун!
+5
kubinez
2016-10-17 11:43:00
Жаткан жери жайлуу Болсун! Жанын жаннаттан берсин
+4
Alixan-Nookat.2015
2016-10-17 12:25:45
Дарина деген ыры аябай жагат болчу. Жаткан жери жайлуу болсун!
+3
anara-anara
2016-10-17 12:33:23
Эх арман дуйно. Жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун.
+3
shustryiboi
2016-10-17 14:46:04
Жаткан жери жайлуу болсун, жакшы ырдачы эле аттин.
0
piramida
2016-10-17 14:48:47
Жаткан жери жайлуу болсун,ех... ушундай таланттуу адам еч кандай наам албай кете бердиби,же барбы эгерде ушул адамга берилбесе бийликтин көзү көр.
+2
KYRGYZJERI
2016-10-17 14:49:34
Иманы саламат болсун,
Алла билип билбей кетирген куноолорун кечирип, бейиштен орун берсин
+3
RaHat19
2016-10-17 15:17:07
жакындарына уй булоосуно конул айтам
+2
ayaza
2016-10-17 19:26:27
Жаткан жери жайлуу болсун.
+2
bekiw.801
2016-10-17 19:51:24
Урматтуу супер инфо жамааты. Ушул инсандын өмүр жолу тууралуу жана чыгармалары тууралуу макала жазып коюңуздарчы, сураныч аябай...
+2
bond0202
2016-10-18 01:22:41
кандай гана окунучтуу,жаткан жери жайлуу болсун.
0
E.TARZAN
2016-10-18 17:25:26
Жайы жаннаттан болсун!Таланттуу инсан эле.
0
abde-7082
2016-10-24 10:19:07
Жаткан жери жайлуу болсун! Аттин!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан