Оштун вице-мэри Асылбек Топчубаев: "Жылуулук системдерин оңдоо боюнча 1 миллион 937 961 сомдук иш аткарылды"

Ош шаарындагы "Жылуулук камсыздоо" ишканасында 74 откана жылуулук берүүгө даяр. Мындай маалыматты бүгүн, 21-октябрда Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынында вице-мэр Асылбек Топчубаев айтты.

Маалыматка ылайык, калкты жылуулук менен камсыздоо үчүн даярдалган от казандарынын ичинен 17 откана электр энергиясы менен жылыйт. Ал эми 57 отканада көмүр колдонулат.

"Ош шаарында 2016-жылга таптакыр жылуулук системи жок 10 көп кабаттуу үй жылуулук менен камсыздалды. Бул үчүн 1 миллион 937 961 сомдук жумуш аткарылды. Анын ичинен 50 пайызы жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Андан сырткары 8 көп кабаттуу үйдүн суу, канализация түтүктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлдү. Адистердин жардамы менен турак үйлөр, мекеме-ишканалардын жылуулук системдери текшерүүдөн өттү. Бүгүнкү күндө калкка жылуулук берүү, кышка карата даярдык толугу менен аткарылды", - деп билдирди Топчубаев.

Белгилүү болгондой, элге көмүр даярдоо боюнча Ош шаарында 15 көмүр сатуу пункту уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Er-jurok.
2016-10-21 12:53:30
Жалганды азыраак айтса болмок.Каерге жылуулук берилиптир мага да айткылачы ошол жерге барып ысынып келейин.
+1
altyshka_23
2016-10-22 07:01:41
Алдава. Жарымын чонтокко салдым деп эле айтпайсынбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан