Доктор Бекбоевдин медициналык борборунда түрдүү ооруларды аз өлчөмдөгү дары-дармек, ийне саюу, массаж жасоо аркылуу айыктырууга мүмкүн

Учурда дүйнөдө остеохондроз, баш оору, жүрөк оору сыяктуу оорулар көбөйгөн. Бул ооруларды доктор Бекбоевдин медициналык борборунда аз өлчөмдөгү дары-дармек, алтын ийне саюу, массаж жасоо аркылуу айыктырууга мүмкүн. Аталган борбордун негиздөөчүсү, врач-невролог-ийне терапевти, ийне саюу менен 40 жылга чукул эмгектенип келе жаткан Темирбек Бекбоев азыркы кезде көп кездешкен илдеттер, анын себептери, дарылоо жолдору тууралуу буларга токтолду:

"Биздин медициналык борбордо 2 багыт боюнча: чыгыш медицинасы жана неврология боюнча дарылоо жүргүзүлөт. Чыгыш медицинасында бейтаптарды алтын ийне саюу же рефлекс терапиясы менен дарылайбыз. Негизи, адамдын организминде жашоо энергиясын камсыздаган 12 органдын иштеши нормалдуу болушу керек. Ал бузулса, адам ооруп баштайт. Ийне саюу менен органдардын иштеши жөнгө салынып, жашоо энергиясын калыбына келтиребиз.

Учурда көп кездешкен баш оору кан басымдын туруксуздугунан, остеохондроз, нервдин чарчоосунан, шакый (мигрень) оорулары жана башка түрдүү себептерден улам келип чыгат. Интернет өнүгүп, адам көп маалыматты өзүнө кабыл алып жатат. Андыктан бул нерсе да түрдүү оорулардын себепчиси болушу мүмкүн. Биз жогоруда аталган ооруларды операциясыз, ийне саюу же лазер терапиясы менен дарылайбыз.

Лазер терапиясы - күндүн нуру сыяктуу эле, болгону бир жерге топтолгон, дарылоо максатында колдонулат. Ашказандын, өттүн өнөкөт ооруларын дарылайбыз.

Омуртка грыжасы операциясыз калыбына келтирилет. Ал үчүн бизде атайын массаж жасап, омуртканы чоюуга ылайыкташтырылган аппарат бар. Ар бир бейтапка өзүнчө мамиле жасалып, баарына сый-урмат менен мамиле көрсөтүлөт”.

Белгилей кетсек, Бекбоевдин медициналык борборунда төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

  • Тамыр кармап, оорунун диагноздору аныкталат;
  • Алтын ийне сайып, лазер терапиясы, мануалдык терапия жана укалоо жолу менен дарылоо жүргүзүлөт;
  • Ички органдардын сезгенишин, нерв ооруларын;
  • Тери жана аллергия ооруларын;
  • Муун жана омуртка ооруларын;
  • Айыкпаган жарааттарды, жыныстык жана башка илдеттерди кадиксиз айыктырат.
  • Мындан сырткары тиш дарылоонун заманбап түрлөрү колдонулат жана гинекологиялык оорулардын бардык түрлөрүнө дарылоо жүргүзүлөт.

Лиц. МК №030529

Дареги: Бишкек шаары, Астрахань көчөсү, 23, Киркомстром району.
Байланыш телефондору: (0312) 45-01-47, 45-01-75, (0779) 30-47-06


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Grand
2016-10-24 16:00:32
Озу ушундай доктурларга ишенсе болобу?
Откондоле бир сайттан окудум эле, бир врач озуунун клиникасында аялдарды ото кыйнап дарылайт экен деп. Бироо жаны менен коштошуптур. Дагы бир табып жаш бобокту жок кылды.
Булар лицензияны кантип алат? Экзамен тапшырып алышабы? Же пара бериппи?
+5
lesa123
2016-10-24 17:52:08
Grand,Сиз жакшылап окусаныз, Лицензиясы турат го. Дагы 40 жыл стажы бар врач деп турат)) Мыкты дарыгер экени корунуп эле турат
-9
vangolu
2016-10-24 21:19:35
ишенбейм жана алданбайм.тамыр кармап дегенде эле тык деп окубай токтоп калдым
-4
lesa123
2016-10-25 09:12:25
Чыгыщ медицинасында бардык ооруларды эле тамыр кармап билсе болот деп уккам, ошондуктан чон апабыздын башындагы тамырлары ичкерип кеткенде ушуш агабызга кайрылганбыз, азыр жашы 84 то, жакшынакай эле журот, башы оорубай калды, 10 кундук сеанс алганбыз. Эми туугандар билбегендер билбей эле жаза берсе болбойт да, биз деги кыргыздар коро албайбызбы, баары бизге жаман
0
tuigan.
2016-10-25 10:14:43
Мен лично биринчи Аллахка ишенем.андан кийин медицинага.
-1
modem4999
2016-10-25 16:50:10
Кечээ да окудум эле жарнамалык муноздогу макала турбайбы ,эч кимге оору сыркоо бербесин деп тилейли ,ден соолугубузга эмитен кам корсок эле баары жакшы болот.
+2
Nasyrkg
2016-10-25 19:06:51
Жакшы врач мен дарылангам Жыпара деген медсестрасын суйчу элем го чирикин ий чиркин омур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан