Бишкектеги суу музейи

Биздин борбор калаада Борбор Азия боюнча жалгыз Суу музейи бар. Ал К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде жайгашкан. Сууга тиешелүү жабдыктар, маалымат такталары жана уникалдуу экспонаттарга жык толгон мындай музей Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде алгачкысы экенин баса белгилеп, мактана кетсек ашыкча болбос. Көпчүлүк компаниялар музейди түзүүгө колдоо көрсөтүүдөн баш тартып койгонун белгилеген Глобалдык экологиялык фонддун улуттук координатору Евгения Постнова: “Бир катар ишканалар жардам берүүдөн качышты, себеби 5 жыл мурда окуу жайдын жер төлөсү таптакыр каралбай турган абалда эле. Алар “Мында музей ачууга кантип болсун? деп, ишенишкен эмес. Бирок бизди каржылык жактан колдогондор табылып, бүгүн музей иштеп жатат”, - дейт.

Билим берүүчү жайды оңдоп, музейге ылайыкташтырууга “Кумтөр” ишканасы каржылык жардам көрсөтүп, мөңгүлөр боюнча маалымат такталарын жасоону колго алган. Компания буга чейин да коомчулукка билим берүү жаатында жана сугат суусун туура пайдалануу боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырып келатканы жалпыбызга маалым. Музейдин ачылышында “Кумтөр” компаниясынын экология боюнча директору Бэн Феррис долбоордун идеясы жаккандыктан, компания колдоого алганын белгилейт. Жаштардын билимин тереңдетүүгө музейдин салымы чоң экенин айткан Бэн мырза: “Сууну туура пайдалануу келечек муун үчүн чоң мааниге ээ экенин жакшы түшүнөбүз. Музейдин ачылганы абдан жакшы көрүнүш жана мындагы биз тарабынан илинген маалымат такталарында суу ресурстарын кантип туура колдонуу керектиги чагылдырылган. Ишкана экологиялык иштерге жыл сайын 7,5 миллион доллар жумшайт”, - деп билдирген.

Музейден "Кумтөр" алтын кенинин толук картасын көрүүгө болот. Анда мөңгүлөр, фабрика, калдык сактоочу, суу тазалоочу жайлар кайда жайгашканы жана айтылуу Петров көлүнүн орду да көрсөтүлгөн. Мындан сырткары фабрикага суулар кайсы жактан алынып, пайдаланылган соң кандай тазалоодон өткөрүлүп, кайда агызылары тууралуу маалыматтар камтылган. Ошондой эле кенге жакын жайгашкан мөңгүлөргө ишкананын тийгизген таасири жана алардын канчасы табигый жол менен эрип жатканы боюнча илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен таанышып, салыштырууга болот.

Каалоочулар музей менен алдын ала байланышып, экскурсия өткөрчү адистер менен убактысын тактап алышы керек экен. Анткени музейдин имаратында аталган жогорку окуу жайдын “Жаратылышты жайгаштыруу жана суу пайдалануу”, “Гидротехникалык курулуш” багытында окуган студенттердин лабораториялык жана практикалык сабактары өтөт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekhaliev
2016-10-26 12:42:37
МММ
-5
Baatur7777
2016-10-26 18:33:47
Сонун идея экен,азаматсынар!!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан