Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду 2015-жылы 7,1 миллион доллар алган. Болжол менен жарым миллиард сом1– калкы 450 миңдей облустун өнүгүүсүнө мыкты салым. Миллиондогон долларларды облуска “Кумтөр Голд Компани” берет.
Аймактын инфраструктурасын жакшыртуу долбоорлорун каржылоо максатында түзүлгөн фондго 2009-жылдан бери КГК бөлгөн акчанын 47,4 миллиондон ашык долларын которгон. Ал акчага мектептерди, бала бакчаларды куруудан тартып, айылдарды сугат суу менен камсыздоо, оорукана-бейтапканаларды оңдоп-түзөө сыяктуу жумуштар аткарылган. Фондго түшкөн каражатты бөлүштүрүү тизгини КГКда эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрүнөн жана бейөкмөт уюмдардан куралган Байкоочу кеңештин колунда.
Буга улай “Кумтөр” өз алдынча аймактагы калктын турмушун жакшыртуу үчүн “Туруктуу өнүктүрүү” долбоорун жүзөгө ашырат. Башкы максат – кендин иштешинен экономикалык көз каранды чакан жана орто бизнестин өз алдынча иштеп кетүүсүнө шарт түзүү. Алтын өндүрүү 2026-жылы соңуна чыгары каралган. Жылына ички дүң продукциянын 7 пайызын туруктуу камсыздап келаткан ишкана "тык" этип токтоп калса, анын таасири көл кылаасында гана эмес, бүтүндөй өлкө экономикасында сезилери анык. “Туруктуу өнүктүрүүнүн” алкагындагы иштерге өткөн жылы компания өз эсебинен ыктыярдуу түрдө 2 миллион доллар жумшаган. Каражаттын 32,57 пайызы айыл чарбасына көмөктөшүүгө, 33,11 пайызы жаштарды колдоо жана билим берүү программаларына, калганы экологияны коргоо, калктын муктаж катмарына жардамга, жергиликтүү жамааттардын демилгелерин каржылоого жана чакан бизнести өнүктүрүүгө жумшалган.
2013-2015-жылдар ичинде 362 миң долларга эл кызматына комбайн, трактор, айдап-себүү жабдуулары сыяктуу 25 даана айыл чарба техникасы белек кылынган. Фермерлерге жогорку сорттогу картошканын 26 тонна үрөнү, 35 миң түп түшүмү мол мөмө-жемиштердин көчөттөрү бекер таратылган. Аларды өстүрүү, жер иштетүү, күнөсканаларды куруу боюнча көл кылаасындагы район, айыл, шаарларга 50 даана көргөзмө аянттары курулуп, 2000ден ашык фермер окутуудан өткөн. Тоң менен Жети-Өгүз райондорунун бир катар айылдарында БСР, каналдарды тазалоо аркылуу 2750 гектар жер калыбына келтирилсе, 750 гектар аянтка суу жеткирилди. Үч жылда сугат суу менен камсыздоо программасына компания 615 миң доллар жумшаган.
Мындан сырткары Жети-Өгүз, Тоң жана Балыкчыда “Кумтөр” уюштуруп, алар өзүн өзү актоо деңгээлине чыкканда өз алдынча башкаруу өкүлдөрүнө өткөн үч чакан насыя уюму бар.
1 - 2015-жылдын жыйынтыктары толук маалымат бул жерде.