Сурамжылоо: ЭРТЕҢ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО БОЛСО... (14-28-ноябрь, 2016-ж.)

SUPER.KG порталында келерки жылы өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун жаңы айлампасы старт алды.

Бул жолку сурамжылоого Алмазбек Атамбаевдин ысымы кошулган жок. Себеби 2 айга чукул жүргүзүлгөн сурамжылоолор көрсөткөндөй, Атамбаевдин рейтинги 5-6 пайыздан ашпастан, алдынкы бештикке кире алган жок. Муну президенттин рейтингинин төмөндөп кеткендигинин же добуш бергендердин Конституциянын бузулушун каалабагандыгынын белгиси катары түшүнсө болот.

Бийлик тарабынан "мыйзам бузду" деп айыпталган Мелис Мырзакматов менен Садыр Жапаровдун да ысымдары сурамжылоонун кийинки айлампасына кошулган жок. Анткени мурдагы шайлоолор көрсөткөндөй, "мыйзам бузду" деп айыпталгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча талапкер боло алышпайт. Бирок ал айыптоолор адилеттүү же саясий куугунтук экендиги башка кеп.

Ошондой эле акыркы айлампада эң аз добуш алган “Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев да тизмеден чыгарылды.

Урматтуу окурман, добуш берүү бөлүмүнө өтүү үчүн шилтемени басыңыз.

Эскертүү: Сурамжылоо ар 2 апта сайын жаңыланат. Кийинки жаңылануу 28-ноябрда саат 12:00дө болот. Жаңылануу болгон сайын тизме өзгөрүшү мүмкүн.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (265)
GGggUUuuLLll
2016-11-25 17:42:07
Атамбаев кетсе"Атамбайдан отоору жок экен атан гору"деп калабыз...Кан ичкич Акай менен Бакийди канчасы энсеп,сагынып журот..Атамбайды жон эле айтабыз...
-8
alik25
2016-11-26 12:15:48
Менин ойумча Мадумаров татыктуу анткени ал иши жасай алат болгону биздин чондор аны иштешине мумкунчулук бербей ататко бийлик тарапка жолотпой эгерде депутат болгондо деле анча мынча иш коргозуп мумкунчулугу коп болот беле. А биздин чондор ошону билип атайын жолотпой келет.
-1
sainjek
2016-11-26 12:35:51
Мадумаров суйлогондон башка колунан эчнерсе келбейт
0
shamshiev.80
2016-11-27 14:07:39
sainjek,Туура айтасын эгер болуп калса ,элди куноолойт ,мамлекет учун эмне кылдынар деп.Озунун позицияасы Кыргызстанды ,Таджикстандын,Озбекстандын кетип аткан жолу менен кетебиз ошондо онугобуз деп калат Кимсанбаевич.
-4
Wonderfullgirl
2016-11-26 13:38:37
Мен ушул адамдарга тан калам да, Чубак ажы ал муфтий, ар ким озунун ишин билиш керек, муфтийди президенттике коем дегендер жинди болуп калыпсынар. Чубак ажы кудайдын жолунда жургон адам болсо, саясаттын ага эмне кереги бар ????.. Кичине башынарды иштетсенер тообоо... Мен Кыргызстанды Исламское государство болуп кетишин каалабайм .... Кээбир адамдарды ой жугуртуусу аябай томондугу мени тан калтырат.
-2
golbors
2016-11-26 14:32:32
Wonderfullgirl,эмне Кудайдын жолунда жургондор саясатка аралашпаш керекпи? Сенин оюнча башка талапкерлер Кудайдын жолунда эмеспи? Биринчиден Чубак ажыны эл колдойт экен 2чи орунда келе жатат. Кече жер титиресе баардыгын Кудай деп калдынар, анан эле Кудайды эсинерден чыгарып коёсунар. Кудайдын жолунда жургон жакшыда.
+5
shamshiev.80
2016-11-26 13:58:35
Импичмент дегенди колдойсунарбы мекендештер?
-5
Kanzada97
2016-11-26 14:31:44
Шайлоо качан озу 11-декабрда болобу адашпасам. Бизде универде уже Шайлоого бизди даярдап атышат паспортторубуздун копияларын алып заявления жаздырып атышат. ушул нерсе туурабы бизди заставить эткен . оз эркибиз жокпу катышуу же катышпоо боюнча. же кайсы бир депутат Биздин универге кообурак акча берип койгонбу.
+1
shamshiev.80
2016-11-26 14:50:25
Kanzada97,Парламентке кайрылышынар керек,тез арада, бул маселе бойунча
-6
Kanzada97
2016-11-26 14:33:27
негизи эле мен эч кимди шайлагым келбейт баарибир толк жок дейм
-2
shamshiev.80
2016-11-26 15:00:54
Кандай болсо да ,качпай турган президент шайлайлы туугандар жана мекендештер,ойлонгула
-5
shamshiev.80
2016-11-26 15:02:02
Мадумаровдун качышын элестете берем коз алдыма
-9
Mers124
2016-11-27 12:33:45
Көп былжырабагыла, Текебаев болот.
-4
elizka2000
2016-11-27 13:35:38
БАБАНОВ жакшы президент болмок
-4
shamshiev.80
2016-11-27 14:10:12
elizka2000,Бабановду Пензага кубалайбыз, буйруса
+3
D.Malikov
2016-11-27 22:07:48
Ойгонгула жана ойлонгула,Текебаевди колдогула!!!!!!!!Бишкек Текебаев мн!!!!!
-2
gulzada...ruslanova
2016-11-28 09:28:14
Бабанов
-4
shamshiev.80
2016-11-28 15:06:56
gulzada...ruslanova,Бабановдун башпаанеги Пенза шаары болот буйруса.Текебаевди колдо биринчи
-1
Imaw.95
2016-11-28 14:03:17
Кечиресиздер,азыркы презденттик шайлоого талапкерлердин бири да таттыктуу эмес деп ойлом.Анткени,булар деле таза эмес,100 пайыз элди ойлот деп ойлобойм.
0
Bolunbo.kyrgyz
2016-11-28 18:48:36
Кудай озу туура коргон пендесин башчы кылып берсин кудай кулдарына эч качан жамандык каалабайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан