Өткөн жумада Аяна Касымова ырдаган "Чагылган" аттуу ыр тууралуу интернет колдонуучулар "Ырдын текстиндеги "баш катабыз бир күрмөнүн ичине" деген жерин "түрмөнүн ичине" деп ырдаган. Ыр жайыла электе радиолордон алынышы керек" деп сындашкан эле. Ал эми ырчынын апасы, менеджери, музыкант Аида Токтосунова жогоруда аталган ырга тартылган клип тууралуу айтып берип жатып, тексттеги кээ бир жерлери оңдолорун билдирди.
"Бул тууралуу көптөгөн сын-пикирлер айтылды. "Баш катабыз бир күрмөнүн ичине" деген жерин кайра жаздырууну чечтик. Буюрса, эртеңден баштап даяр болот.
Ал эми клип тууралуу айтсам, клипти Мирлан Саткымбаев тартты. Жолдошум Арсен Өмүралиев атындагы театрда көп жылдан бери эмгектенет. Андыктан анын сунушу менен башкы каармандар чыгармачыл инсандардын образын жаратышты. Кадрлар да театрдын сахнасынан алынды. Актёрду режиссёр тандап, сунуштап калды. Ал эми кыздын ролуна өзүмдүн жакын курбумдун кызы Айдай Касымова тартылды. Ал тартуу иштери бүтөрү менен чет өлкөгө окууга учуп кетти", - дейт ал.
Аяна Касымованын "Чагылган" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.