MegaCom "АР ДАЙЫМ интернет" жаңы тарифтик планын сунуштайт!

MegaCom абоненттик төлөмсүз жана милдеттүү төлөмдөрсүз "Ар дайым интернет" жаңы тарифтик планын сунуштайт! Промо мөөнөттүн алкагында интернет-трафиктин мегабайтынын наркы – 0 сом. Шарттары жөнөкөй: болгону мобилдик эсебиңиз эки жумада бир жолу 100 сомго же андан ашык суммага толукталып жана балансыңызда 50 сомдон ашык каражаттын ар дайым болуп туруусу зарыл. Акысыз чектөөсүз интернет секундасына 128 Кбит ылдамдыкта берилет. Зарыл болгон учурда тарифке кошумча интернет топтом кошуп алууга болот. Бул учурда түйүн ичиндеги мүнөттөрдүн кошумча көлөмү 1 күнгө, 7 күнгө жана 14 күнгө берилет. Баланстагы каражаттарды үн байланышы жана SMS`тер үчүн да колдонууга болот. Азыр кошуп алыңыз, кошуу буйруусу: *303*39*1# (өтүү КНСти жана ССти эсепке алуу менен).

"MegaCom мобилдик интернетти тарифтөөдө жаңы ыкмаларды жайылтып келет. Мегабайттары төмөн баада болгон ыңгайлуу интернет-топтомдорду абоненттерибиздин кеңири катмары колдонуп келүүдө. Биз кардарларыбызга дагы бир жаңы мүмкүнчүлүктү - "Ар дайым интернет" - актуалдуу тарифин сунуштамакчыбыз. Бул сунуш интернет дүйнөсүнө жаңыдан кадам таштай баштагандардан тарта өз жашоосун интернетсиз элестете албаган колдонуучулар үчүн жагымдуу да, пайдалуу да боло тургандыгы шексиз", - деп ой бөлүшө кетти MegaCom компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Лехтман.

*789 номуруна чалуу (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз) же www.megacom.kg сайтына кирүү аркылуу тариф тууралуу толук маалымат алууга болот.

MegaCom`дон "АР ДАЙЫМ интернет" - онлайнда бол!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
akubeku
2016-11-21 18:50:19
азаматсынар жакшы мобилдик компания
0
akubeku
2016-11-21 18:51:07
мен жакшы коргон компония
0
Altyn198
2016-11-21 23:27:51
мен дагы ушуга өтөт окшоймун
0
bakaiBBBB
2016-11-21 23:44:37
128 кБит эмне деген шумдук бул деген интернет жокко эсе да ылдамдык 0 болуп калат. Эптеп эле элди алдамай да
+7
heaven2016
2016-11-22 09:30:48
скорость слабый
+2
talant87
2016-11-22 09:45:00
элге мумкунчулук жаратсанар ошончолук силерге отот
0
zheko
2016-11-22 10:38:51
128 кбит ылдамдык эмнеге жарайт ?
+3
Nur1k
2016-11-22 11:41:14
Башка операторлорго караганда мегакомдун интернети да тарифтери да кыйла жакшы. Эми 300 сомго 5 гига бере турган тариф кылгыла орустардыкына окшотуп. Эн жакшы болот мегаком! Ишинерге ийгилик!
-2
BarsBaatyr
2016-11-22 12:19:19
Ылдамдык аз.128 ди дагы стабильно бербейсинер
+1
akubeku
2016-11-22 15:56:26
нееее наоборот мегаком норм оператор скорость мощный
0
akubeku
2016-11-22 15:56:28
нееее наоборот мегаком норм оператор скорость мощный
0
dastan_2016
2016-11-23 15:05:29
Айыл жергелеринде антена чыкпайтго интернет эмес
0
inspektor.kg84
2016-11-26 19:08:12
баарынан мурда кыргызстандын башка абоненттерине жана мегаком ичине арзан.бирдей баа койсонуздар бат онугоор элениздер.Абонентер сиздер менен байланышууда тезирээк байланышып турса жакшы болмок,себеби мен мегакомдун абоненти менен байланышууда кыйналып калаган кундорум болгон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан