Ош шаарына 30 коомдук автоунаа Европа өнүктүрүү банкы менен биргеликте иштелип чыккан долбоордун эсебинен алынды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынын чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов билдирди.
"Ош шаарында коомдук чоң автоунаалар аябай аз. Маршруттук каттамдагы кичи автоунаалар жашоочуларды дарегине жеткирүүдө жетишпей калчу. Ошондуктан Ош шаардык мэриясы Европа өнүктүрүү банкы менен кызматташып, долбоор жазган. Бүгүнкү күндө Орусиянын өндүрүшүнөн чыккан автобустар алынып келе жатат. Автобустар үчүн 2 миллион 699 миң евро жумшалды", - деп билдирди Раманов.
Урали Рамановдун маалыматына ылайык, буга чейин Ош шаарына 2010-жылы Кытайдын автобустары алынып келинген. Ал эми жаңы алынып келинген автобустар декабрь айынын башынан каттамга чыгарылат. Мындан сырткары 2016-жылдын соңунда Ош шаарына 23 троллейбус сатылып алынмакчы.