Япониядагы университеттердин биринин окумуштуулары эртең менен желген балмуздак адамдын акыл-эсинин активдүү иштешин, мээнин иштөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатарын аныкташкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.
Маалыматтарда атайын кызматкерлер эксперимент жүргүзгөнү, ага ылайык, бир нече катышуучуга күн сайын эртең менен балмуздак берилип турганы айтылат. Мындай таттуу "тамактануудан" соң катышуучулар бир нерсеге реакция кылуу жана аналитикалык жөндөмдөрүн текшерүү үчүн компьютерден атайын тест тапшырышкан.
Анын жыйынтыгында балмуздак жеген топ берилген тапшырмаларды батыраак жана оңой эле аткарганы аныкталган. Адистер балмуздак адамдын мээсин "ойготуп", аны уйкулуу режимден тез чыгарат деген чечимге келишкен. Бул анын таттуулугуна эмес, муздактыгына байланыштуу экени жазылат. Бирок аны башка муздак азыкка алмаштырганда мурункудай оң жыйынтык берген эмес.