Бишкекте Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан мектептеги өрт чектөөгө алынганча жанында жайгашкан чиркөөгө жайылды. Чиркөөнүн өрттөнүп жаткан чатырынын болжолдуу аянты 600 чарчы метр. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
"Учурда өрттү өчүрүүгө 6 өрт өчүрүүчү бөлүк тартылып, жеринде ӨКМнын атайын тобу, Куткаруу кызматы жана "Тез жардам" кызматы иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.
Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.