Сынак! “Ымыркайлар үйүндөгү баланын кыялын ишке ашыр!”

"Younglim Интерьер" компаниясы, Кыргыз жериндеги рыноктогу корей жасалгалоочу товарларынын дистрибьютору ымыркайлар үйүнүн ритмика залы үчүн 3D дизайнын иштеп чыгууга сынак жарыялайт.

Коомдук онлайн-добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча мыкты дизайн ээси келерки жылдын март айында Кореяга бир жумага барат, анын эмгеги zanoza.kg маалымат порталына жарыяланат. Ошондой эле калган өзгөчөлөнгөн катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат.

Муну менен эле бүтпөйт! Сынактын жыйынтыгында "Younglim Интерьер" компаниясынын адистери мыкты эмгектердин концепциясынын натыйжасында ымыркайлар үйүндө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөт.

Сынакка катышууга архитекторлор, дизайнерлер, декораторлор, технологдор, долбоордук уюмдар, конструктордук бюро, өндүрүш ишканалары, курулуш уюмдары, дизайн-студиялар жана чеберканалар, профилдик ЖОЖдор жана факультеттердин студенттери менен окутуучулары чакырылат.

Сынактын максаты - кеңири публикага жана заманбап интерьер дизайнындагы жаңы багыттагы потенциалдуу буйрутмачыларга архитектор, дизайнер, декоратор кесиптерин атактуу кылуу, жагымдуу турак жай чөйрөсүн жаратуудагы новатордук идеяларды аныктоо жана авторлорду сыйлоо.

Сынакка катышуу акысыз.

Сынакка 2016-жылдын 31-декабрына чейин жиберилген эмгектер кабыл алынат, бирок алдын ала 0550 60 33 33 же 0700 094 094 телефон номурлары аркылуу катталуу керек.

Ачык онлайн-добуш берүү 15-январдан 1-февралга чейин жүрөт. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу 2017-жылдын 15-февралынан кечиктирилбейт.

  • Эргономикалык нормаларды кармануу;
  • Учтуу бурчтуктарды аз колдонуу;
  • Өнүктүрүүчү форма, түс жана гүлдөрдү колдонуу керек.

Сынакка жиберилген жана модерация процедурасынан өткөн эмгек себепсиз сынактан алынбайт. Катышуучу сынакка бир гана эмгегин көрсөтө алат. Ал өзүнүн сынакта көрсөтүп жаткан эмгегинин автордук укугуна кепил болот жана үчүнчү жак тараптан эреже бузуу болгон учурда КРнын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик алат.

Баалоонун критерийлери:

  • Интерьер дизайнынын жалпы көрүнүшү
  • Стилдик айкалышуу
  • Креативдүүлүк
  • Аткаруунун сапаты

Jpg форматындагы цифралык сүрөттөр кабыл алынат. Сынакка катышууну каалагандар +996 550 60 33 33 же +996 700 094 094 телефон номурлары аркылуу катталышы керек же толук аты-жөнүн жазып, “Сынакка катышуу” деп белгилеп, younglim@hyundailift.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү керек.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TEH
2016-11-29 13:01:33
Жакшы сынак экен
+2
Baatur7777
2016-11-29 21:05:01
Охо зд менен иштесе болчудай...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан