Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо заман талабына жооп берген дарбазалар коюлду. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын өкүлдөрү кабарлашты.
Маалыматка ылайык, майданга орнотулган дарбазалар Футбол федерациясына УЕФА (Европанын футбол ассоциацияларынын кеңеши) тарабынан белекке берилди. Буга чейин стадиондо темирден бириктирилген дарбазалар турчу.