Милиция кызматкерлери Сузактагы кандуу окуянын чоо-жайын айтып беришти. Маалыматка караганда, 2016-жылдын 6-декабрында саат 23:40 чамасында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Барпы айыл аймагынын Беш-Мойнок айылында 3 адамдын бычакталып өлтүрүлгөнү айтылган.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, 1938-жылы туулган Т.Р., 1944-жылы туулган О.Р., 1987-жылы туулган Р.Рнын жансыз денелерин табышкан. Алардын бычакталып өлтүрүлгөнү аныкталган. Маркум Р.Рнын 2007-жылы туулган кызы окуяга күбө катары суралганда, ал саат 23:00-23:30 чамасында өгөй атасы 1985-жылы туулган Замирбек Ташиев (маркум Р.Рнын күйөөсү) колуна бычак көтөрүп "Мен силерди өлтүргөнү келдим!" деп үйгө кирип келгенин айткан. Ошондой эле ал өгөй атасы алгач О.Рны, андан соң Р.Рны, кийин таятасын ойготуп жибергенде Т.Рны да бычак менен сайып, сыртка чыгып кеткенин билдирген.
Ушул эле маалыматты маркум Т.Рнын 2006-жылы туулган небереси да тастыктаган.
Окуядан кийин Замирбек Ташиев коңшу жашаган, 1989-жылы туулган К.Бнын үйүнө кирип барып, Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылына жеткирип коюусун суранган. Ал ага макул болуп, Хундай Портер үлгүсүндөгү унаасы менен Ана-Кызыл айылына жеткирген. Замирбек Ташиев өз үйүнүн жанында өзүнө өзү бычак сайган. Анын кесепетинен ал Өзгөн райондук ооруканасына жетпей каза тапкан.
Текшерүү амалдарынын жүрүшүндө каза болгон Т.Р., О.Р., Р.Рга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми алынган буюмдар боюнча соттук-биологиялык экспертизалар жүрөт.
Замирбек Ташиев менен Р.Рнын ортосунда 3 бала болгон. Ал эми 2007-жылы туулган кызы биринчи никесинен.