Жумабек Салымбеков: "Борборубузду башкарууда жакшыны улоо салты сакталышы керек"

Бишкек шаардык кеңешине СДПКдан талапкер болуп катталган Жумабек Салымбеков өзүнүн төртүнчү ирет шаардык парламентке аттанып жатканын минтип түшүндүрөт:

«Мен БШКда сегиз мэр менен иштештим. Мэр – шаарыбыздагы эң башкы фигура. Ал эми депутаттар ага мүмкүн болушунча жардам бериши керек, анткени аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги бир команда болуп, эриш-аркак иштегенде гана ийгилик келет. Ооба, мэрлердин кимдир бирөөсү жакшы, кимдир бирөөсү начар иштеди. Алардын арасынан эң мыктысы азыркы шаар башчыбыз Албек Ибраимов болгонун ишинен айта алам. Муну шаардыктар да көрүп турушат. Аз гана убакыттын аралыгында көп нерселер өзгөрдү: өнүгүү бюджети пайда болду, масштабдуу жол оңдоо иштери башталды, шаардын түнкү жарыктандыруу системи кайра жаңыланды. Азыр бизге ушул абалды сактоо алда канча маанилүү. Башкача айтканда, шаарыбыздын өнүгүү багытын өзгөртпөй, башталган ишти улап кетиши кажет. Мен бийликке келген жаңы күчтөрдүн Бишкекте кайрадан жаңы барак ачып отурушун каалабайм, анткени алар маселени аңдап, чечим кабыл алгыча бир топ жыл өтөт. А шаарыбыз мынча жыл күтө албайт.

Ошондуктан шаарыбыздагы жакшы саамалыктарды улап иштөөгө даярмын жана мурда башталган иштердин жарым жолдо калышын каалабайм. Бишкектин кооз, коопсуз жана жашоого ыңгайлуу шаар болушу үчүн мен дагы билимимди, күч-кубатымды жумшагым келет.

«Дордой» Бишкек шаары үчүн маанилүү ишканалардын бири деп айта алам. Ошол жерде иштеп, чарбачылык боюнча көп тажрыйба топтодум. Мен жетектеген бул ишканада социалдык чоң жоопкерчилик бар. Ишкерлер качан ушул жоопкерчиликти толук аңдап түшүнгөндө, бул өлкөбүзгө жана шаарыбыз үчүн пайда алып келет. Ишкер катары дайыма жетим балдар жана кары-картаңдар үйлөрүнө жардам берем. Жарым каражатын өзүм чыгарып, калган жарымына инвестор таап, үч жаңы конушка спорт аянтын куруп бердим. «Дордой» спорттук клубун түзүп, азыр анда миңдеген балдар футбол ойноп, күрөш, көркөм гимнастика жана теннис менен машыгууда. Баса, бул спорт аянтчаларынын баарын жана спорттук клубду муниципалитеттин менчигине өткөрүп бергем. Эгер муниципалдык орган менен бизнестин иши ушинтип бир багытта уюшкандык менен жүрсө, баштаган иштин сөзсүз натыйжасы болот».

Буйрутма СДПКнын шайлоо фондунан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан төлөндү. Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2016-жыл, 7-декабрь.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан