Чаткал районунда кар аралаш жааган жаан жерге сиңбей, турак үйлөрдү каптоодо. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Чаткалда кар аралаш жаан жаап жатат. Жер кыртышы тоң болгондуктан суулар сиңбей, турак үйлөрдү каптоодо. Ушундай көрүнүш дагы канчага уланары белгисиз. Айыл тургундары сууну кайда агызыштын амалын таппай убара", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.