Чемпиондор Лигасы: Жолу болбогон "Реалдын" футболчулары, дарбазасына 5 гол өткөргөн "Лестер"

Футбол боюнча Европадагы эң ири лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычы ушуну менен толук аяктады. 8-декабрга караган түнү "E", "E", "G" жана "H" тайпаларында экиден оюн орун алып, айрым командалар орун алмашты.

Акыркы 2 күндөгү оюндардын жыйынтыгын алып караганда, плей-офф баскычына чыккан 16 команда толугу менен белгилүү болду: "Барселона", "Реал", "Атлетико", "Севилья" (баары Испания); "Арсенал", "Манчестер Сити", "Лестер" (баары Англия); "Бавария", "Байер", "Боруссия" Д (баары Германия); ПСЖ, "Монако" (Франция); "Наполи", "Ювентус" (Италия); "Бенфика", "Порту" (Португалия).

Ал эми 8 тайпада 3-орунду ээлеген 8 команда Европа Лигасына жолдомо алды: "Лудогорец" (Болгария), "Бешикташ" (Түркия), "Боруссия" (М, Германия), "Ростов" (Орусия), "Тоттенхэм" (Англия), "Легия" (Польша), "Копенгаген" (Дания), "Лион" (Франция).

Плей-офф баскычындагы атаандаштар 12-декабрда орун алчу чүчү кулак таштоо аземинде белгилүү болот.

“E” тайпасы

"Тоттенхэм" (Англия) - ЦСКА (Орусия) - 3:1

“Байер” (Германия) – “Монако” (Франция) - 3:0

"Е" тайпасында оюндар кандай жыйынтыкталбасын, орун алмашуулар болгон жок. "Байер" командасы "Монакону" ири эсепте утуп, тайпада татыктуу орунду ээлеп турганын далилдеди.

Ал эми ЦСКАнын футболчулары конокто эсепти ачышканы менен, жеңилүү ызасын тартышты.

“F” тайпасы

“Реал” (Испания) – “Боруссия” (Д, Германия) - 2:2

“Легия” (Польша) – “Спортинг” (Португалия) - 1:0

"Боруссия" мадриддик атаандашына моюн сунбай калганына көп болду. Бул сезондо да "Реал" тайпадан 2-орунду ээлеп чыгууга мажбур болду. "Реал" оюндун жүрүшүндө 2 гол киргизип, эсеп катыштыгында алдыга чыкканы менен, германиялыктар эсепти теңегенге үлгүрүштү. Мадриддиктердин бул сапар жолу болгон жок. Командалар бирден упай менен үйлөрүнө тарашты.

2 голдун автору Карим Бензема Чемпиондор Лигасында киргизген голдорунун санын 50гө жеткирди. Мелдеште ал 88 беттеш өткөргөн. 4 гана футболчу Бенземадан көп гол жараткан: Криштиану Роналду (95 гол), Лионель Месси (93 гол), Рауль (71 гол) жана Руд ван Нистелрой (56 гол).

Буга чейин бул тайпада 3-орунду ээлеп келген "Спортинг" конокто "Легияга" уттуруп жиберди. Бул жеңилүү алардын мелдештен толугу менен ыргып кетүүсүн шарттады. "Легия" жолун Европа Лигасында уламакчы.

“G” тайпасы

“Порту” (Португалия) – “Лестер” (Англия) - 5:0

“Брюгге” (Бельгия) – “Копенгаген” (Дания) - 0:2

Англиялык "Лестер" тайпалык баскычта буга чейинки 5 оюнда дарбазасына 1 гана гол өткөргөн. Бул жолу португалиялыктар Англиянын учурдагы чемпионун аяшкан жок. "Портунун" кандай эсеп менен жеңишке жетишкени көп мааниге ээ эмес болчу, башкысы, 3 упай алуу маанилүү эле.

"Копенгаген" конокто 3 упай алды. Бирок "Порту" ишенимдүү түрдө 3 упай алгандыктан, алар мелдеште калуу максатына жетпей, Европа Лигасына жөнөштү.

“H” тайпасы

“Лион” (Франция) – “Севилья” (Испания) - 0:0

“Ювентус” (Италия) – “Динамо” (Загреб, Хорватия) - 2:0

"H" тайпасында "Ювентус" тайпадан эбак чыкса да, бул оюнда хорватиялык "Динамо" клубуна упай ыраа көргөн жок. Команда ишенимдүү түрдө жеңишти камсыздады.

Ал эми 1 упай үчүн Францияга келген испаниялык "Севилья" максатына жетти, себеби алардын плей-офф баскычына чыгуусун тең чыгуу шарттамак. 3 упай үчүн жан үрөгөн "Лион" атаандашынын коргонуусун жарып өтө алган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Adi.Avazbekov
2016-12-08 09:56:37
Real chempion bolot
+1
muzibrat93
2016-12-08 10:07:16
Саламатсыздарбы кыргыз элим
Чындыгында Бор. Дортмунд Реалды бир топ эле тырыштырып койду,Ал эми Лестер Озун болушунча таштап. Коп катага жол ачып койду,, Туриндик Ювентус акыркы 4 -5 жылдан бери ишенумдуу ойун коргозбой келген жайы бар ошол эле учурда 2 жыл мурун Католондук Барса менен Финалдан алдырып койгон жайы бар.. Быйлкы футбол серепчилери томонку 4 команда Жарым финалда ойнойт деген божомолдор Бар 1)Барселона 2Бор Дортмунд 3 Атлетико Мадрид 4 Ман. Сити,,, Реал, Бавария, Псж, Ювенту
-1
muzibrat93
2016-12-08 10:08:50
Шанс азыраак
-2
elmurat.kg
2016-12-08 10:24:31
севилья европа лигасында эле калса болмокта 3жолу утту катары менен рекорд койду уэфада чыгалбайтко кийинки баскычтарга
0
kilim
2016-12-08 10:44:09
Байкуш реал
0
soccer_boy95
2016-12-08 11:17:47
Музибрат93,козун ачыкпы же исус кристоссунбу
+3
Patriot...kg
2016-12-08 13:34:21
Реал вперёд!!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан