Чүй облусундагы Аламүдүн районунун тургуну 25 килограмм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 1955-жылы туулган М.Е. аттуу жаран буга чейин бир канча жолу сот жообуна тартылган. Оперативдүү маалыматтардын негизинде анын жашаган үйү текшерүүгө алынган. Анын жыйынтыгында үйүнүн чатырынан 25 килограмм марихуана табылган. Ал баңгизатын өзү даярдап, башкаларга сатып жүргөн. Учурда кылмыш иши козголуп, М.Е. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.