Бүгүн, 13-декабрда "Эркеч-Там" көзөмөл бекети аркылуу 835 эшек Кытайга өткөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты Мамлекеттик бажы кызматынан SUPER.KG порталына тастыкташты.
Бажы кызматынын өкүлүнүн айтымында, эшектерге тийиштүү документтер мыйзамдуу болгон.
Кечээ, 12-декабрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунда 300 эшек жүктөлгөн 6 оор жүк ташуучу унаа милиция кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынып, тиешелүү документтер жайында болгондуктан кайра коё берилген. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, эшектер Кытай "Дружба Импекс" ишканасына таандык болгон. Ал эми эшектерди өлкөдөн алып чыгып кетүүгө уруксатты Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы берген.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматына караганда, 2016-жылдын июнь айына чейин Кытайга 2000 эшек экспорттолгон.