Бишкекте жол кырсыгы катталып, эки студент кыз жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 14-декабрь күнү саат 18:40 чамасында Медеров көчөсүндө болгон. Анда күн чыгышты көздөй келе жаткан айдоочу унаасы менен эки студент кызды сүзүп, бирин тебелетип кеткен. Андан соң айдоочу башкаруусун жоготуп, каршы тарапта келе жаткан унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен эки кыз жана эки айдоочу жабыркап, ооруканага жеткирилген.