Учурда "Бока Хуниорс" клубунда ойноп жаткан аргентиналык футболчу Карлос Тевес жакын арада Кытайдын "Шанхай Шеньхуа" клубунун катарын толуктайт. Бул келишимге кол койгон соң футболчу аптасына 763 миң доллар маяна ала баштайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Тевес Аргентинанын биринчилигинде 14-тур оюндары аяктаган соң "Бока Хуниорстун" күйөрмандары менен коштошту. Фанаттардын бири майданга чуркап чыгып, тизелеп, аны кетпөөгө чакырды.
Тевес дал ушул "Бока Хуниорс" клубунда тарбияланган. 32 жаштагы футболчу Европадагы "Вест Хэм", "Манчестер Юнайтед", "Манчестер Сити" (баары Англия) жана "Ювентус" (Италия) сыяктуу командаларда ойногон. 2004-жылдан 2014-жылга чейинки аралыкта Аргентинанын улуттук курамасынын курамында 76 оюн өткөрүп, 13 гол жараткан.
Кошумчалай кетсек, учурда эң көп маяна алган футболчу катары аргентиналык чабуулчу, Кытайдагы "Хэбэй Форчун" клубунда ойногон Эсекиэль Лавесси белгилүү. Ал аптасына 620 миң доллар маяна алат. Ал эми Европада Криштиану Роналду (аптасына 460 миң доллар) менен Лионель Месси (аптасына 338 миң доллар) алдыда.