ЭЛДИК КАБАР: Алайда тургундар карышкырды аттар менен кубалап жүрүп тирүүлөй кармап алышты

Ош облусунун Алай районуна караштуу Талды-Суу айылынын тургундары карышкырды тирүүлөй колго түшүрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Карышкыр айылга жакын келиптир. 15тей адам ат менен кубалап жүрүп кармашты. Кармагандар азырынча аны эмне кылуу керектигин ойлоно элек. Сатсакпы деп жатышат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Azumi32
2016-12-23 11:15:53
Алай деген атындан! Азаматсынар! Бир жолу кок-бору тартып жибербепсинер)
+11
Saribulak
2016-12-23 11:30:26
Коё бергиле эчнерсе кылбай
-13
Kosmopolitka
2016-12-23 11:33:33
Байкуш жаныбар...
-14
bakaiBBBB
2016-12-23 13:15:59
Kosmopolitka, Кое бер, байкуш жаныбар, оч алат деп дагы деле аяз атага ишенгенсип айтасынар да айылда иш жок ошо 4 малды санап олтурса анын семизин тандап бул жырткыч кырып атса кандай кое берет!? Менимче айылда чонойбой зоопарктан гана сулуу карышкырларды коргондор ушинтип жазса керек
+15
Adhambek
2016-12-23 11:34:33
бошоткула сатпай
-18
Aksy.24kg
2016-12-23 12:03:11
Adhambek,Карышкыр кандай экенин билесинби !Ал адамды деле жеп салат ач болсо."Бору баласы ит болбойт"!
+9
jasgul
2016-12-23 11:39:51
карышкырдай кекчил, ожор жырткыч болбосо керек.. Бошотуп жиберсе Талды Суулуктардын малын кырат да.
-5
koshnazar
2016-12-23 11:44:01
Мамлекетке откоруп бергиле сылык аласынар
+6
Aikoo2014
2016-12-23 11:57:08
Эмнеге коё берет, ал карышкыр деген мал жандыкты жеп жатпайбы. Мамлекеттен пайда жок, эл озу арандан 4 тулук мал багып тирилик откоруп жатса. Аныда ит куш,карышкыр дегендер жеп жатса, сатып жибериш керек же мамлекетке откоруп беруу керек.
+10
kamchatka
2016-12-23 12:18:08
Ал карышкыр 3-топтогу майып окшойт болбосо туткузбайт болчу ал!
+4
modem4999
2016-12-23 12:26:45
Сатпай туруп биринчи жеген малдарынарды толотуп алгыла
+8
Isken.der
2016-12-23 12:33:34
кыйнабайле өлтүрүп койгула
-4
azim14
2016-12-23 15:50:23
азыркы карышкырлар да самапал болуп калыптыр
+1
beka123
2016-12-23 17:01:27
Алайлыктардан айланайын! !!
-1
Talantbek1994
2016-12-23 18:38:44
Алар жалгыз журушпойт эле. Картайган болсо дагы алар бири бирин таштап кетпейт башкаларга окшоп. Этият болуу керек эми ал айылдыктар.
+3
ozgeldi
2016-12-23 21:59:01
Бойроктон шыйрак чыгарган неме экенсинер тутса да балээ тутпаса да балээ..тууз жер болсо ат менен жон эле жетет карышкырды бир жолу чайка кылып алдынар го
+3
Kroxa
2016-12-23 23:37:47
Карышкыр атканга 5мин берет го окмот..
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан