Бишкек шаарындагы "Ош базардын" тегерегинде отуздан ашык мейманкана мыйзамсыз иштеп жатат. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Окурмандын айтымында, аларды текшерген салыкчылар, тийиштүү органдар иштебей жатышат. "Акчасын алып, чөнтөктөрүн толтургандан башканы билишпейт. Аңдыганы эле элет жериндеги карапайым калктын мал жандыгы. Койлорду паспорттоштурбай, салык чогултпай, саат сайын кардарларды тейлеп жаткан мейманканаларды карабайбы?! Алыскы райондон кызматтык сапар менен келип, бир дагы дүмүрчөк бере турган патенти бар мейманкананы таппай койдум", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.