Бишкекте эки айдоочу жол талашып, бири экинчисин тапанча менен атып салды

Бишкекте эки айдоочу жол талашып, бири экинчисин тапанча менен атып салды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн түшкө жакын Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө болгон. Анда эки айдоочу жол талашып уруша кетишкен. Анын кесепетинен бири тапанча менен экинчисин атып салган.

"Бул кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган Тимур кармалды. Ал эми тапанчанын огунан жабыркаган 1989-жылы туулган Урмат ооруканага жеткирилген. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
A3A
2016-12-23 15:35:44
Жол талашып атышыппы?
+2
Emir90
2016-12-23 15:45:56
Курок эле керсейиштин кереги жок озунчо дерзкийлерди ордуна коюп коюш керек уваженияны билбесе
-3
aidai9594
2016-12-23 15:53:07
Ошону жон эле жол берип койсо жете турган жерине 5 минут эрте жетпесе 5 минут кийин жетет. Балээнин баары болбойт
+10
anonymous
2016-12-23 18:30:55
Акча батпай аткан чөнтөгү эми жукарат
+6
Best.bakyt
2016-12-23 19:48:28
Мындайлар менен мамлекет алектенип эмне кылат жашпы,карыбы андай атанаак болсо колуна курал берип Тажик же Озбек чек арасына койуп кой.Корсотсун ошол жерде баатырдыгын чек ара талашып. Уйдо баатыр жоодо жок немелер да
+8
jarkyn_jakta_jasha
2016-12-23 19:51:29
Кыргызстан эмес эле Чикагодо жашап жаткандайбыз
+2
Baatur7777
2016-12-23 19:59:55
Жакында афганистанга айланып кетиши мумкун.элдердин пейили онолбосо.
+3
Mirzohidjon
2016-12-23 20:52:26
"Бул 2016- Маймыл жылы" көбүн маймыл кылып ойнотту го чиркин, айрыкча биздин шепболумушубуз кайсы өлкөгө барса ошол жактын окобунан чыга калып аябай уят болдук го чиркин (Мирзохиджон Халил тегин)
+2
nur_zhoni
2016-12-23 21:01:00
Бириндин этин (гош) бирин же
-3
Urushina
2016-12-23 22:28:49
Бул нормалдуу эле корунуш, 19 кылымда деле орустарда дуэлге чакырып эле атып салышкан аялын карап койсо деле, кыргыздарда деле башын алып салган сый корсотпосо же талаша кетишсе. Алымбек датканын деле башын алган ал мезгилде деле ушундай корунуштор болгон боло берет дагы. Мамлекетти башка мамлекеттерге окшоп айланып кетти деп жазасынар да :)
-6
manachaka
2016-12-23 23:19:37
Экоотен ГУУРДА иштешет. Не штатник болуп. (ГЛАВНОЕ УПРАВЛЕНИЕ УГОЛОВНОГО РОЗЫСКА). (ГУУР)
+1
Kroxa
2016-12-23 23:47:06
Анда жол талашпай эле талашканы башка го,ГУУРда иштесе..
+3
Lenovo97
2016-12-24 00:04:05
Сабырдуу болгула, же кыргыздын жигиттериндей мушташкыла!
+2
Nendi15
2016-12-24 00:22:18
Биз кайда баратабыз көчөдө каалагандай курал көтөрүп каалаган адамыбызды атып, бычактап, зордуктап, тоноп???????Келечегибиз кандай болоор экен ....ушинтип жүрүп эле сырткы душман жок эле өзүбүздү өзүбүз өлтүрүп жок болот окшойбуз((((((
+3
jusupova
2016-12-24 03:44:28
Бул кабар чыкты, кайра эле бат эле калат унутулуп, мындай мыйзам бузуулар элди тажатып бутту, эч кандай чара корулбойт, ошон учун элдин арасында атышып, олтургондор кобойуп кетти, ушул темп менен кете берсе кыргызстан криминал жактан биринчилерден болуп чыгат, айла жок, акыйкаттык жок болгондон кийин, олкого ишенбей каласын...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан