Европалык басылмалар футбол чөйрөсүндө эң көп маяна алган машыктыруучулардын тизмесин түзүштү. Тизмеде алдынкы сапта каталондук "Барселона" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Луис Энрике турат. Ал айына 1,56 миллион евро маяна алат.
Алдынкы үчтүктө испаниялык Хосеп Гвардиола ("Манчестер Сити", Англия) менен португалиялык Жозе Моуринью ("Манчестер Юнайтед", Англия) бар. Гвардиола айына 1,48 миллион евро алса, Моуринью 1,36 миллион евро табат.
Айына 449 миң евро алган мадриддик "Реалдын" машыктыруучусу Зинедин Зидан тизмеде 9-орунда.