ЭЛДИК КАБАР: Окурман Бишкектеги "Дыйкан" базарындагы тыгындан улам кардарлар унааларды 1,5-2 чакырым алыстыкта токтотуп жатышканын айтат

Окурман Бишкектеги "Дыйкан" базарындагы тыгындан улам кардарлар унааларды 1,5-2 чакырым алыстыкта токтотуп жатышканын SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 26-декабрда билдирди.

"Дыйкан" базарынан соода кылуу өтө кыйын. Унаа тыгынынан улам унаамды 1,5-2 чакырым алыстыкта токтотуп, кайра 300 сомго араба жалдап, 3 саат дегенде араң соода кылып келдим. Ушу базарды чет жакка көчүрсө болот да. Жол тыгыны да азаймак. Мындай көрүнүш жалгыз эле бул базарда эмес, "Ош базарында" да ушул көрүнүш. Унааны жолдун четине токтотсоң да 30 сом төлөйсүң же патрулдук кызматкер айып салат. Базарлардын жанына базардын өзүнөн чоң унаа токтотуучу жай ачуу керек", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

"Дыйкан" базарындагы тыгын
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Gulim_zamujem
2016-12-26 13:17:03
owon uchun dordoi motorsko kochurolu dese bolboi koiuwtu go. probka bolmok emes
+1
adanov
2016-12-26 13:29:22
Gulim_zamujem,дордой моторстун алдындагы кочо озу кечке пробка болот гоо
-1
Shekeev969798
2016-12-26 13:23:34
гайилер кайда журот колдорунан эч нерсе келбейт
-2
novayariga
2016-12-26 15:57:52
Shekeev969798,ГАИни айтасын да ,мамлекет жапканга акыбалы жетпей койду го.
0
seni.gana
2016-12-26 13:42:09
Дордой моторско көчүрүш керек стоянкасы дагы чон кирип чыккан жолдору коп дыйканда бир жолдон кирип кайра ошол жолдон чыгат башка жол жок
+3
mambo-1984
2016-12-26 19:00:29
кудайдан корксо боло калп эле провокатарда азыр бут эле жерде жаны жылдын астында пропкада
0
temirov76
2016-12-26 20:46:05
mambo-1984,сен өзү дыйкан базарына барып көрө элек окшойсуң,жай мезгилинде барып көрсөң машинаң эмес өзүңда кире албай тажап үйүңө кайра кетип калгың келет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан