Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча улуттук командасы Бангладеште өтүп жаткан Азия биринчилигинде финалга чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Дакка шаарында өтүп жаткан эркектер арасында волейбол боюнча мелдеште кыргыз спортчулары Непал өлкөсүнүн командасын 3:1 эсебинде жеңип алышты. Акыркы эсеп боюнча учурда улуттук курама 11 упай топтой алды. Кыргыз спортчулары буга чейин 4 оюн өткөрүп, 4 ирет жеңишке жетишти. Белгилүү болгондой, 27-декабрда кыргыз волейболчулары экинчи тайпадан көп упай топтогон команда менен биринчилик үчүн беттешке чыгышмакчы.
Эске салсак, улуттук курам 25-декабрда Бангладеш өлкөсүн 3:2 эсебинде утуп алган. Бангладеште өтүп жаткан Азия чемпиондугуна "Борбордук зона" чөлкөмүнө кирген 9 команда катышууда.