Кара деңизге кулаган учактын "кара кутусу" табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда орусиялык ТАСС маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, учурда табылган "кара куту" иликтөө борборуна жөнөтүлдү. Ал зыянга учураган эмес. Ошондой эле экинчи "кара куту" кайсы жерде экендиги да аныкталганы айтылууда.
"Коммерсантъ" басылмасы жеке булактарына таянуу менен окуяга Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлигинин жээк кайтаруу кызматкери күбө болгонун жазды. Ал учак өтө жай ылдамдыкта учуп, алдынкы бөлүгү бир топ жогору көтөрүлүп турганын айткан. Бул маалымат "учкуч ката кетирген" деген версияны көбүрөөк чындыкка жакындатууда.
Айта кетсек, Орусиядан Сирияга бараткан Коргоо министрлигинин Ту-154 учагы 25-декабрда кыйраган. Анын бортундагы 92 адамдын баары набыт болгон. Федералдык коопсуздук кызматы теракт версиясын четке кагууда. Мекеме "сапатсыз күйүүчү май, учак кыймылдаткычтарынын иштен чыгышы, техникалык мүчүлүштүк жана учкучтардын катасы кырсыкка себеп болгон" деген божомолду айтууда.