Шамиль Ибрагимов: "Аймактарды өнүктүрүү фонддору жергиликтүү коомчулуктун байгерлиги үчүн иштеп беришет"

Аймактарды өнүктүрүү фонддору – инвесторлор, мамлекет жана жергиликтүү коомчулук ортосундагы кызыкчылыктардын шайкеш келишинин негизги ыкмасы. Бул аспаптын толук кандуу иштөөсү үчүн «Аймактарды өнүктүрүү фонддору аркылуу жергиликтүү деңгээлде ГДК кирешелерин эффективдүү жана ачык-айкын башкаруу» долбоору ишке киргизилип, ал «Сорос-Кыргызстан» фондунун каржылоосу менен Борбор Азиядагы Евразия фонду тарабынан ишке ашырылууда. Анын алкагында фонддор жөнүндө типтүү жобо иштелип чыгып, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунуштары даярдалып, кызыкдар тараптар ортосунда маек курулган. Долбоор жана Кыргызстандагы кен байлыктарды пайдалануунун башка аспектилери жөнүндө «Сорос-Кыргызстан» фондунун директору Шамиль Ибрагимов баяндап берди.

- Айтсаңыз, долбоордун максаты эмнеде?

- Бир нече жыл мурун «Тоо-кен компанияларынын салыктык эмес төлөмдөрү» жөнүндө мыйзам кабыл алынган, ал каражат аймактарга которулушу керек эле. Бирок бул жерде бир көйгөй чыкты, ал каражаттарды пайдалануу механизми аягына чейин аныкталбай, демек, укук-ченемдик актылар толукталышы керек эле. Агымдагы стратегиянын алкагында «Сорос» фондунун жаратылыш ресурстарын башкаруу программасы бар. Ал программанын максаты – жалпы эле тоо-кен тармагындагы эффективдүүлүк менен айкындуулукту жогорулатуу. Ошентип, биз Борбор Азиядагы Евразия фондун колдоп, Экономика министрлиги, Каржы министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу менен аймактарды өнүктүрүү фонддору үчүн мыйзам базасын иштеп чыгууга көмөктөштүк. Бул ишибиздин негизги максаты – фонддун акчасы кантип пайдаланылат, кандай принцип менен, кандай максатка колдонулары боюнча конкреттүү эрежелерди иштеп чыгуу. Биздин оюбузча, мына ошондой жол менен фонддор жергиликтүү коомчулуктун байгерлиги үчүн эффективдүү жана ачык-айкын иштеп берет.

«Сорос» фондунун негизги идеяларынын бири – айкындуулук менен отчёттуулукту жогорулатуу. Ошондуктан бул долбоор ошол максаттарыбызга жооп берип, жергиликтүү коомчулук тоо-кен тармагынан алган каражатты пайдаланууда айкындуулукту жогорулатып турат.

- Сиздин оюңузча, аймактарды өнүктүрүү фонддорунун иши калк менен тоо-кен компанияларынын ортосундагы пикир келишпестикти азайтууга өбөлгө түзөбү?

- Андай пикир келишпестиктин жаралуу себептери арбын жана алар ар түрдүү. Акыркы бир нече жылдын ичинде биз байкаган негизги себептин бири – тоо-кен компанияларын лицензиялоодогу түшүнүксүз процедура, тоо-кен компанияларынан түшкөн киреше жергиликтүү деңгээлде кандай максаттарга жумшаларын жергиликтүү калктын толук түшүнбөстүгү, билбестиги. Албетте, инфраструктуралык өнүгүү, экологиялык аспектилерине байланышкан суроолор арбын. Бул долбоор аймактарды өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын ачык-айкын жана эффективдүү пайдалануу маселесин гана чечип берет. Бирок чечилбеген маселелер али арбын, маселен, экологиялык маселелер, муну аталган долбоор чечип бере албайт. Албетте, бул багыттагы ишти токтотпой улантуу өтө маанилүү. Бирок иш эффективдүү жүргүзүлүп жатканын коомчулук көрбөй, ынанбай турса, пикир келишпестик келечекте деле боло берет.

- Келечекте кен байлыктар тармагында дагы кандай долбоорлорду фонд колдоого алмакчы?

- Тилекке каршы, жаратылыш ресурстарын башкаруу программабыз быйыл жабылмакчы. Бул программанын мыкты продуктуларынын бири болуп Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин сайтын жөндөп бергенибиз саналат. Бизге чейин да айрым долбоорлор мекеме иши менен анын сайтын колдоп, ал тоо-кен тармагындагы лицензиялоону көзөмөлгө алууга мүмкүндүк берген, бирок ал облустук деңгээлде гана жүргүзүлчү. Биздин колдообуз астында веб-сайты ийине жеткирилип, учурда ал тестирлөөдөн өтүүдө, эмдиги жылдын башында толук кандуу иштей баштамакчы. Эми мамагенттигинин сайты лицензияларды айыл өкмөтү деңгээлине чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Интернети бар ар бир адам сайтка кирип, кен байлыктарынын чыныгы чегин көрүп, лицензия кармоочунун паспортун - лицензия мөөнөтү, компания негиздөөчүлөрү, алар кандай иштөөгө укуктуу экенин көрө алат. Компаниянын аталышы, кен байлык түрү, айыл өкмөтү боюнча издөө каралган. Мурда мындай иш-аракет татаал эле, эми процесс толугу менен ачык-айкын болду. Биз көзөмөл жана мониторинг үчүн аспаптарды күчөттүк. Бул продукт тоо-кен тармагынын айкындуулугун жана отчёттуулугун жогорулатарына мен толугу менен ишенем.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eksvp_1
2016-12-28 16:05:53
Бул фонд этникалык чыр-чатак, төңкөрүүлөрдү уюштурган Джордж сорестин фонду,.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан