"Сорос-Кыргызстан" фонду өлкөдөгү өнүктүрүү фонддорунун ишин кайрадан жандандырмакчы

27-декабрда Бишкек шаарында КРнын Экономика министрлигинде "Сорос-Кыргызстан" фонду, Борбордук Азиядагы Евразия өнүктүрүү фондунун кызматкерлери жана өлкөнүн аймактарынан келген өкүлдөр менен атайын жумушчу топ түзүлүп, 2014-жылы түзүлгөн өнүктүрүү фонддорунун иштөө жолдору, көйгөйлөрү талкууланды. Анын алкагында атайын жобо кабыл алынып, Жогорку Кеңеште кароого бир нече документ сунушталды.

Аймактарда өнүктүрүү фондун түзүү боюнча долбоордун демилгечиси жана каржылык демөөрчүсү болгон “Сорос-Кыргызстан” фондунун жетекчиси Шамиль Ибрагимов иш-чара тууралуу буларды билдирди:

“Сорос-Кыргызстан” фондунда жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча атайын программа бар. Программа тоо-кен өндүрүү секторунда ачык-айкындуулук болушун, анын эффективдүүлүгүн аныктайт. Евразия өнүктүрүү фонду түзүлгөн.

Тоо-кен өндүрүү тармагы мамлекетке салык төлөгөндөн сырткары жергиликтүү аймакка дагы атайын төлөмдөрдү төлөп берет. Бирок бул бөлүнгөн акчалар белгилүү бир максатта пайдаланылганы тууралуу так маалыматтар жок. Андыктан аймактарда өнүктүрүү фонддорун ачуу зарылдыгы келип чыкты.

2 жыл мурун “Сорос-Кыргызстан” фонду Евразия өнүктүрүү фондунун нормативдик документтерин колдоп чыкты. Анын алкагында өнүктүрүү фонду кандай иштейт, кайсы аймактарды камтыйт, бөлүнгөн акчалар кайда жумшалат деген сыяктуу маселелер көзөмөлдөнөт.

Учурда өлкө аймагында 33 өнүктүрүү фонду иш алып барат. Фонддогу акча каражаттары Маданият үйлөрүн, жолдорду оңдоого жана башка керектөөлөргө жумшалат. Албетте, жаңы гана иштеп жаткандыктан көйгөйлөр бар. Бүгүн мына ушул жогоруда айтылган маселелер талкууланып, тиешелүү жобо кабыл алынат, аймактардан келген өкүлдөрдүн сунуш-пикирлери жана баяндамалары угулат”.

Ошондой эле ал айыл өкмөт кызматкерлерине аймактардагы өнүктүрүү фонду кандай иштеши керектигин үйрөтүү зарыл экендигин кошумчалады.

Ал эми Бажы саясат жана тарифтик эмес жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы Аскат Беков буларды билдирди: “Аймактарда өнүктүрүү фонддорун түзүү боюнча жобо 2014-жылы кабыл алынган, бирок жаңы фонд болуп, көпчүлүгү иштебей калган. Ошондуктан бүгүнкү жумушчу топтун өзгөртүү киргизүү боюнча отуруму болуп жатат. Ар кандай маселелер, каржы жагынан көйгөйлөр талкууланды”.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2016-12-30 10:33:17
TIMON_BERKOWITZ, такталбаган маалымат жазып башкаларды каралоодон алыс болуңуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан