ЖЫЛНААМА, 29-ДЕКАБРЬ: 23 жыл мурун атактуу советтик актёр Фрунзик Мкртчян көз жумган

Мындан 23 жыл мурун, 1993-жылы 29-декабрда советтик актёр, СССРдин Эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Фрунзик Мкртчян 63 жашында Ереванда көз жумган.

Ал 1930-жылы 4-июлда Армениянын Ленинакан шаарында туулган. 1945-1946-жылдары Асканаз Мравян атындагы театрдын алдындагы студияда окуп, 1947-жылы аталган театрда актёр болуп иштей баштаган. Фрунзик Мкртчян окуп жүргөн кезинде эле тасмаларга тартылып, 1955-жылы "Адресатты издөө" аттуу анын катышуусундагы тасма жарыкка чыккан. Андан соң актёр "Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы жоруктары", "Отуз үч", "Ак рояль", "Эркектер", "Таштан өрөөн", "Мимино", "Али-Бабанын жана 40 каракчынын жоруктары", "Айболит-66" жана башка тасмаларда мыкты ролдорду жараткан.
Актёр курсташы Кнара менен баш кошуп, бирок аз убакыттын ичинде экөө ажырашып кеткен. Экинчи жубайы, кесиптеши Данара менен 1950-жылдардын ортосунда үйлөнгөн. Экөө бир кыз жана уулдуу болушкан. Жубайы айыккыс психологиялык дартка чалдыгып, психиатриялык ооруканага жаткырылган. Кызы Аргентинага кетип, ал эми уулу дагы апасыныкындай айыкпай турган илдетке кабылган. Ал дагы апасы жаткан клиникага жатат.

Үчүнчү жолу Ф.Мкртчян Армениянын Жазуучулар союзунун төрагасынын кызы Тамара Оганесянга үйлөнүп, бирок ажырашып кеткен. Ф.Мкртчян ушул окуядан кийин ичимдикке берилип, кино дүйнөсүнөн, көп өтпөй театрдан дагы кеткен. Кызы Нунэ Мкртчян 1998-жылы рак илдетинен каза болгон. Жээни Гаяне Аргентинада жашайт. Ал эми актёрдун уулу Вазген Мкртчян 33 жашында цирроздон көз жумган.

29-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
akil.91
2016-12-29 11:26:45
2016 жылында Кыргызстан жонундогу фотолор качан чыгат. Эки кундон кийин 2017 башталат. Урматтуу " Супер инфо ".
0
admin_portal
2016-12-29 11:34:40
akil.91, саламатсызбы? Сунуш тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан