ЖЫЛНААМА, 29-ДЕКАБРЬ: Ырчы, актёр Нурбек Савитахунов 31 жашка толду

Бүгүн, 29-декабрда ырчы жана актёр Нурбек Савитахунов 31 жашка толду. Ал 1985-жылы 29-декабрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Борбордук Азиядагы Америка университетин саясат таануу адистиги боюнча аяктаган.

“Yellow Blue Bus” тобунун курамында ырдап, "Бишкек, мен сени сүйөм!" тасмасына жана "Жатакана" сериалына тартылган. “Малышка Би” аттуу ырды “Oakland” тобу менен биргеликте ырдап, эл оозуна алынган. Андан тышкары Омар экөө ырдаган "Bishkek city", "Беги за ней", "Внутривенно" жана башка ырлары бар. Ырчы "Сүйө бил", "Мурас сыры" тасмаларында роль жараткан актриса Альбина Бейшембиевага үйлөнүп, экөө уулдуу болушкан.

29-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан